Төлөгөн Келдибаев, серепчи: “Кой-Таш окуясы боюнча ИИМ, УКМКнын генералдарына укуктук баа берилиши абзел”

-- Кой-Таш иши боюнча Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев жана Орозбек Опумбаев жоопкерчиликке тартылбай калабы? Сот процесси эмне себептен жылууда?
-- Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейинки териштирүү, тергөө иштеринин баары Сооронбай Жээнбеков президент, Орозбек Опумбаев УКМКнын төрагасы, Кашкар Жунушалиев ички иштер министри болуп тургун мезгилде болгон. Алар бийликте турганда, күч органдарын башкарып турушканы үчүн жоопкерчиликке тартылышкан эмес. Анткени, тергөө иштерин ушул адамдар көзөмөлдөп турган.
Кой-Таш окуясы боюнча тергөө башынан жүрсө туура болмок. Анткени, ал операцияны уюштуруп, миңдеген милицияны баштап барган генералдар азыр кызматта жок.
-- Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандар “Кашкар Жунушалиев, Сооронбай Жээнбеков каалаган кан төгүүнү токтоттук. Эмнеге алар эмес, биз камалышыбыз керек?” деген ойлорун айтышууда....
-- Окуя кантип чыкты, ага ким күнөөлүү? Тергөө амалдары бейтарап, адилеттүү болгонун, фактыларга, мыйзамдарга ылайык жүргөнүн айтуу кыйын. Анткени мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бийликке, президенттик даражалуу кызматка алып келген досу Сооранбай Жээнбеков экөөнүн биз билбеген, коомчулукка жашыруун болгон жеке таарынычтар жана келишпестиктери болгон. Кой-Таш окуясы мына ушул эки тараптын тирешүүсү менен уланды. Андан ары Алмазбек Атамбаевди кримавторитет Азиз Батукаевдин түрмөдөн эрте бошоп кетиши боюнча жүрүп жаткан тергөөгө күбө катары алып келүү болгон. Биздин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык күбө тергөөгө келбесе, башка күбөнү да алып келип сураса болмок. Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн эрте чыгып кетиши боюнча айыпталып жаткан мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жана башкалар Алмазбек Атамбаевге карата көрсөтмө бердиби-жокбу (?), бизге жана коомчулукка маалым эмес.
-- Кой-Таш окуясында жаракат алган Самат Курманкуловдун убалы кимге? Аны жарым жан кылып койгону үчүн ким жоопкерчиликке тартылышы керек?
-- Негизи жаракат алгандар үчүн азыркы айыпталгандарга баарын жүктөп коюу туура эмес. Бул окуяны болтурбоо жана алдын алуу жолдорун кылышпайт беле? Бирок стратег эмес генаралдардын кесепетинен өлкөдө ошол мезгилде стабилдүүлүккө доо кетти. Андыктан жаракат алгандар боюнча агездеги ИИМдин, УКМКнын генералдарынын жоопкерчилиги жана алардын аракеттерине да укуктук баа берилиши абзел.
"Азия Ньюс" гезити