Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакшылык Матанов: “Шаардык кеңешке шайлоого бараткандардын көпчүлүгүнүн курулуш компаниялары бар”

Жакшылык Матанов: “Шаардык кеңешке шайлоого бараткандардын көпчүлүгүнүн курулуш компаниялары бар”

09-апрель, 09:09
513 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Көптөгөн жаштар шаардык кеңешке шайлоого аттанышты. Шаарды оңдоого сенде да ойлор болдубу?

-- Мен мурунку Жогорку Кеңештин шайлоосуна талапкер катары катышкам. Ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгына байланыштуу буюрса күзүндө боло турган шайлоосуна катышам. Ошондуктан шаардык кеңешке барганым жок. Шаардык кеңештен кайрадан Жогорку Кеңешке барып, эптеп эле креслого жетиш максат эмес. Өзүмдүн башка максат-пландарым болгондуктан, шаардык кеңешке мутаждыгым жок. 

-- Башкалаа тургуну катары 10-15 жылдан кийинки Бишкекти кандай элестетесиң?

-- 2005-жылдагы шаарыбызды элестете турган болсок, азыркы Бишкек менен мурунку Бишкектин бир топ айырмасы бар. Жаңы үйлөр курулду. Бирок ошол кездеги бардак, башкы пландын жоктугу ж.б. толгон-токой көйгөйлөр ошол бойдон калды. 15 жылдан кийинки мен кыялданган Бишкек – иретке келген, таза, жашыл шаар. 

-- Шайлоого бараткандар тууралуу пикириң?

-- Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык кеңешке шайлоого бараткан талапкерлердин көпчүлүгүнүн курулуш компаниялары бар, же ошолордун туугандары, балдар-кыздары, күйөө балдары, жакындары. Алардын көпчүлүгү үйлөрүн 49 жылга арендага алган жерге курушкан. Ошол жерлерди менчиктештирүү, ошол үйлөрүн, үйлөрү салынган жерлерди кызыл китепке айландыруу максатында бара жаткандар. Ал айдан-ачык билинип турат. Чыныгы шаар үчүн күйүп, “шаарды оңдойбуз” деп бараткан жаштардын көпчүлүгүнүн шаарды кантип оңдой турган пландары деле жок. “Бара көрөбүз” деген пикирде. “Бишкек шаарына тигини кылабыз, муну кылабыз” дегендерден чочулап турам. Баарын убакыт көрсөтөт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер