Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темир Бирназаров, режиссёр: “Символикаларды алмаштыруу адатка айланып калганы жаман...”

Темир Бирназаров, режиссёр: “Символикаларды алмаштыруу адатка айланып калганы жаман...”

03-ноябрь, 23:19
731 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Темир агай, парламентте гимнди өзгөртүү маселеси көтөрүлдү. Чындап эле зарылчылык жаралдыбы? 

-- Менимче, гимнди өзгөртүүгө эч кандай деле муктаждык жок деп ойлойм. Мисалы, Япониянын гимнине 1000 жылдан ашты. Эскирип, маанисин жоготкон деле жок. Нидерландияныкы 100 жылдан ашты. Бир чети так ушундай демилгелери парламенттин ой жүгүртүү, иш алып баруу деңгээлдерин көрсөтүп турат. Мындай депутаттарды кайра чакыртып алуу жолун жеңилдетпесе болбойт. Антпесе пайдасыз популисттер көбөйүп кетти.

-Гимн үчүнчү жактыкындай болуп ырдалат. Ошондой эле биздин гимн ырдалганда чымчыктар үркүп учуп кетип жатышыптыр. Бул боюнча кандай ойдосуз?

-Ошол үркүп кеткен чымчыктар менен ошону айткан дөөдүрөктөр өздөрүнө жаккан гимн жаздырып алышсын.

-Символикаларды алмаштыра берсек, кол жоолукка айланып кетпейби? Бири символикалар ыйык десе, экинчиси алмаштыруу кыянатчылык эмес дешет. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

-Тарыхты сыйлап, туруктуу болуш керек. Бир чети ар кандай белгини ыйык (!) дей бериш өтө жаңылыштык. Болгону, символикаларды алмаштыруу адатка айланып калганы жаман.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер