Расул Тулеев, экономист: “Тышкы карыздын өскөнү – бюджетти башкаруунун начардыгын көрсөтүүдө”

-- Тышкы карыздарыбыз өсүп жатканы баарыбызга маалым. Тез өскөнүнүн себеби эмнеде?
-- Биздин мамлекет алып жаткан насыялардын көбү инфраструктураны, өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган. Мындай карыздар өсүп жаткан экономикада өзүн акташы керек. Дагы бир айта турган нерсе, каражаттар социалдык муктаждыктарга кеткенинде. Биз чындыгында акчаны “жеп” коюп, кайра үстөк менен төлөйбүз. Демек, структуралык анализсиз мамлекеттик карыздын өсүү тобокелдигин так баалоо мүмкүн эмес. Биз анык билебиз, бул былтыркы рекорддук бюджет тартыштыгы. Бул бюджетти башкаруунун натыйжасыздыгын көрсөтөт. Ошол эле учурда мамлекет каржылык чечимдерди ЭВФ менен Дүйнөлүк банктын көзүн карап кабыл алат (!) деп түшүнүү керек. Бирок ошондой болсо дагы мамлекеттик карыздын өсүшү боюнча дүрбөлөңгө түшүү эрте, дефолт болбойт. Анткени дүйнөдө карызы жок мамлекет жокко эсе.
2023-жылдын март айынын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 623,14 миллион долларды түзгөн. Бир айдын ичинде анын деңгээли 24, 24 миллион долларга өскөн. Бул албетте кейитпей койбойт.