Акыркы кабарлар
» Коом » -- Өлкө өнүгүүсү үчүн парламенттин тараганы маанилүүбү, же өкмөттүн кеткениби?
-- Өлкө өнүгүүсү үчүн парламенттин тараганы маанилүүбү, же өкмөттүн кеткениби?
04-апрель, 22:10
548 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кубатбек Байболов, экс-башкы прокурор:
-- Азыркы жагдайда айрым өзгөрүүлөр менен өлкөдөгү абалды жакшыртуу мүмкүн болбой калды. Бирөөнү эмес, экөөнү бирдей кетирсеңер да эч нерсе өзгөрбөйт.
Бөдөш Мамырова, экс-депутат:
-- Парламент тараса деле, өкмөт кетсе дагы өзгөрүү болбойт. Анткени, бийликтин эки бутагы тең өз алдынчалыкка ээ эмес. Алар буйрук аткаруу менен гана иш алып барып жатышат. Жогорку Кенештин функциясы Конституция боюнча мыйзам чыгаруу менен гана чектелген. Өкмөт дагы түздөн-түз президенттин сунушу менен куралгандан кийин президенттин аппараты сыяктуу иш алып барууда. Ошондуктан эки бийликтен тең өлкөнүн өнүгүүсү түздөн-түз көз каранды. “Жаңысы келсе өзгөрүү болот” деген пикир бүгүнкү күндө актуалдуу эмес. Өнүгүү жолу эки бийликтен эмес, жогору жактан – президенттен көз каранды. Анткени, Конституцияда жазылгандай, 2020-жылы таптаза президенттик башкаруу системасы ишке кирген.
Ташболот Балтабаев, экс-депутат:
-- Биздин Конституцияга ылайык парламентти жана президентти эл шайлайт. Эл шайлагандан кийин министрлер кабинетинин төрагасын жана президенттин администрациясынын башчысын президент шайлайт. Эгер президент каалабаса, өзүнүн аппарат башчысы менен министрлер кабинетинин төрагасын өзү эле кубалап жиберет. Мурда президентте андай укук жок болчу. Парламенттик мамлекет болуп турганда ал маселени Жогорку Кеңеш чечет эле. Эми президент өзү гана каалагандай жайгарат. Ошондуктан, өкмөт менен парламентти карама-каршы койгондо, өкмөт айтпай, “президент же парламент кетиши керек” деген туура. Парламент формалдуу түрдө өзүнчө бийлик делгени менен өкмөт эркин эмес.
Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты:
-- Эки бутактын бири зыяндуу дегенге негиз жок. Өкмөттү бүгүн президент башкарат, ал тарап жакшы эле иштеп жатат, жаман эмес. Парламентти айтсам, мен өзүм депутат катары баа бере албайм. Бааны бизди шайлаган эл берсин.
Бөлүшүү:

“Азия Ньюс” гезити