Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рита Карасартова: “Шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар чийки, көп нерсе түшүнүксүз”

Рита Карасартова: “Шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар чийки, көп нерсе түшүнүксүз”

25-сентябрь, 16:13
1 491 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рита айым, саясый оюндар башталдыбы же бу кадыресе көрүнүшпү?

-- Ар кандай саясый оюндар башталбай эле, бул коомдогу кадыресе көрүнүш да. Болгону бийликтеги аткаминерлерге “ушундай оюндар башталып атат” деп сезилет. Анткени, өздөрү төңкөрүштөн кийин келгендиктен, ар кандай кыймыл-аракеттерди “кырдаал күчөйт” дегендей мааниде кабыл алышып, ашыкча чочулап жатышкандыр. А чын-чынында элдер жөнөкөй эле жолугушуп, биригип атышат. Шайлоого кантип барууну, кайсы идеяны алып чыгууну локалдуу түрдө талкуулап киришкени байкалууда. 

-- “Шайлоо боюнча мыйзамдар чийки болуп калган” дешүүдө, арты эмне болот?

-- Ооба, шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар чийки. Көп нерсеси түшүнүксүз. Юридикалык жактан чечилбей, чыр-чатакка алып келе турган мыйзамдарды кабыл алып коюшкан. Ошон үчүн көптөгөн соттошуулар, түшүнбөстүктөр, ызы-чуулар  болот. Бийлик өздөрүнүн кишилерин ар түрдүү ыкмалар менен апкелгенге аракеттенет. Ошонун аркасы менен коомдо нааразычылыктар чыгат. 

-- Азыркы бийликке эмне маанилүү?

-- Күздөгү парламенттик шайлоодо өз кишилерин апкелүү маанилүү болуп тургансыйт. Алар кантип апкелет, же баягы эле админресурстарды колдонобу же мыйзам бузуулар менен апкелеби? Бул жагы абдан талаш маселе. Эгер эч бир мыйзам бузуусуз же админресурс колдонтпой, шайлоону таза өткөрүп берсе, анда учурдагы бийликтин аброю көтөрүлмөк жана элдин бийликке ишеними пайда болмок. Бирок, мыйзамсыз ыкмалар колдонулат го? Талапкерлердин добуш сатып алуусун кантип тыйышат?.. Себеби, парламент аркылуу бул мыйзамды же тиги мыйзамды кабыл алуу керек болгондо азыркы “чимкирик” депутаттардай болуп, бирөөсү да акаарат айтпаганы керек. Ошон үчүн өз кишилерин апкелүү бийликке маанилүү.           


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер