Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Иштей албагандар, коррупцияга аралашкандар кетиши керек”

Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Иштей албагандар, коррупцияга аралашкандар кетиши керек”

02-март, 13:27
2 551 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак мырза, жана эле чет өлкөлөргө виза алуу процессиндеги башаламандыктар, күңүрт схемалар тууралуу маселе көтөрдүңүз. Аны кимдер жасап жатат?

-- Бизде Корея Республикасынын элчилиги бар. Ал жерге келген киши электрондук кезекке турат. Ошол жерде эки-үч жигит отуруп алып, 50-60, кээде 70 жолу басып коёт экен. Анан сиз келсеңиз 150үнчү, же 180-болуп кезекке турасыз. “Эми качан жетем?” деп башыңыз катып турганда бирөө пайда болот да, 300 долларга алдыңкы кезекти сунуш кылат. Процессти көзөмөлдөп, тартипке сала турган кишилер тескерисинче, аларга кошулуп акча таап жатышат окшойт. Болбосо мындай башаламандыкка жол берилмек эмес да. Мага көп бизнесмендер кайрылып, даттанып атышат. Ошондуктан, мен бүгүн укук коргоо органдарына кайрылдым. Эми текшеришет го.

-- Акыркы мезгилде бир катар министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери алмашты. Кадр саясатында эмне үчүн туруктуулук сакталбай жатат деп ойлойсуз?

-- Иштей албагандар, коррупцияга аралашкандар бир-эки айда эле билинип калып атат. Анан алар кетиши керек да. Президент, премьер-министр таза иштеп, алдым-жуттумдарга элдешкис мамиле кылганы үчүн кадрдык курам коррупционерлерден арылып, тазаланууда. Андыктан, бул нормалдуу көрүнүш. Бир гана нерсе, президенттин 2040-жылга чейинки өнүгүү программасы бар. Министрликтердин да өзүнүн программасы бар. Улам келген жаңы министр өзүнүн программасын алып келе бербей, узак мөөнөттүү програманы улантышы абзел. Ошондо өнүгүү болот. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер