Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубатбек Кожоналиев: “Мен конституциялык референдумду, президенттик башкарууну колдойм”

Кубатбек Кожоналиев: “Мен конституциялык референдумду, президенттик башкарууну колдойм”

09-апрель, 20:42
8 554 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кубатбек ага, кыргыз коомчулугунда оркойгон эмнени байкап атасыз?

-- Оркойгон нерселер көп, анын бири – кымбатчылык. Азык-түлүктүн баасы күн санап көтөрүлүүдө. Күнүмдүк элге керектелүүчү кумшекердин, суу майдын, эт азыктарынын баалары адам чыдагыс болуп баратканы байкалууда. Эмнеге муну өкмөт көзөмөлдөбөй жатканы түшүнүксүз. Карапайым эл кыйналууда. Айлык акы, пенсия өз ордунда турат. Андан сырткары, КОВИД-19 илдети да бучкактап, эми 3-толкуну май айында күч алары айтылууда. А саламаттык сактоо министрлиги эмнени күтүп атканын билбейм. Ар күнү бул илдетке капташкандардын саны көбөйүп атат. Биз 3-толкунга даярбызбы? Ал да белгисиз. Жаңылыктардан бул боюнча жакшы жылыштарды укпай атабыз. Ооруканалар кандай абалда? Жабдыктар, дары-дармектер жетиштүүбү же былтыркы көрүнүш кайрадан күч алабы? Кеп ушунда. Мындан сырткары, чиновниктердин арасында түркөйлүктөр бар экени байкалууда. Мисалы, “биздин ишкерлерге жардам бериш керек” деген президенттин указы бар. Аны саботаж кылгандар жок эмес. 

-- Быйыл кышта эмнеден кыйналдыңыз?

-- Борбор шаарыбызды эпсиз каптаган түтүн, ыш мени эле эмес шаар тургундарын кыйнады окшойт. Өткөн кыштагыдайды буга чейин шаарды чүмкөп салган ышты көргөн эмес элек. Ким күнөөлүү? Албетте, шаар мэриясы, андагы шаардык кеңештин депутаттары күнөөлүү! Биз булардын ишмердигине “эң жаман” деген баа койсок болот. Ушул жуманын аягында шаардык кеңешке шайлоо болгону турат. Эл эми буларга өз жоопторун добуш берүү менен чечиши керек. ТЭЦтин директору Андрей Воропаев “80 миллион сомдук сапатсыз көмүр күйгүздүк” деп мойнуна алып, бул боюнча кылмыш иши козголду. Анын жыйынтыгы кандай чыгары белгисиз. 

-- Шаардык кеңешке шайлоо өтөт, ошол эле күнү референдум да өтөт. Сиз кайсы тараптасыз?

-- Чынын айтканда, өзүм аскер кызматынын ардагери болгондон кийин президенттик эле башкаруу болгон оң (!) деп ойлойм. 2010-жылдагы Конституция өзү туура эмес кабыл алынган. Анткени, бизде Ош окуялары болуп аткан жагымсыз жагдайда мындайды токтото туруу керек эле. Боордош, кошуна элдердин баары президенттик башкаруу менен өнүгүп-өсүп, алдыга жылып атышат. Өз убагында парламенттиктен баш тартсак болмок, бирок, бир аз убакыттар өтүп кетти. Азыр да кеч эмес. Мен конституциялык референдумду колдойм. Президенттик башкаруу тараптамын.      


Сурат Жыкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер