Акыркы кабарлар
» Коом » Эгемендүү Кыргызстандын “жапайы-башсыз” заманында...
Эгемендүү Кыргызстандын “жапайы-башсыз” заманында...
06-май, 13:26
424 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“КПССтин Борбордук Комитетинин бөлүм башчылары БКнын мүчөсү, СССР Жогорку Советине депутат болгондуктан республиканын партиялык жетекчилеринин кезектеги иштерин көзөмөлдөп жана каалагандай оң-сол тапшырма бергенден жалтанышпаган. Республиканын көптөгөн көйгөйлүү маселерин чечүүдө Борбордук Комитеттин бөлүм башчыларына толук көз каранды деңгээлде болгонбуз” дейт Турдакун Усубалиевич өзүнүн жазгандарында.
1962-жылдын апрель айынын аягында КПСС БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Василий Иванович Поляков Турдакун Усубалиевичке телефон чалып, өзү кызыккан айыл чарбасынын айрым маселелери боюнча сурамыш этип, анан жакын кошунаңар Өзбекстанда суунун тартыштыгынан пахтанын өсүшү начар болуп жаткандыгы, мамлекеттик маанидеги түшүмдү сактап калыш керектигине токтолуп, ал үчүн бизде пайдаланылбай жаткан бийик тоодогу Соң-Көлдүн суусун Нарын дарыясына куйдуруу зарылчылыгын айтат. Акыл-эси ордундагы адамдын башына келбеген мындай күтүүсүз жана жагымсыз мүшкүлдү «Партия – ум, совесть и честь нашей эпохи» делген комитеттин жооптуу жетекчисинен уккан Турдакун Усубалиев чочуп кетип, шар жооп бере албай бир азга буйдала түшөт. Анан өзүн токтотуп, көлдүн суусун дарыяга куйдуруп агызып жиберсек, миллиондогон жылдардан бери сакталып турган жаратылыштын тең салмактуулугу бузулуп, заматта болуп көрбөгөндөй экологиялык кырсыктарга кабылданарын түшүндүрүүгө жакшы эле аракеттенет. Баары бир айтылган талабына көгөрүп алган Поляков адатынча уккусу келбейт. Тескерисинче, сууну Нарын дарыясына куйдуруу техникалык жактан жеңил экендигин, бул маселе жеринде изилденип долбоорлонгонун, сезон бүткөндөн кийин суу өткөргөн гидросооружениени жаап койсо, жазга чейин көл мурдакы деңгээлине калыптанарын, мал чарбасына анча деле зыяны жоктугун далилсиз сөздөрүн кайталап айткандан тажабайт. Бул «маанилүү» маселени талкуулоону Жогорку Советтин сессиясына келгенде Никита Сергеевич өзү кабыл алып жыйынтык чыгарарын, айтылган сунушту азырынча республикада кеп-сөз кылбай турууну эскертет.
Бул сүйлөшүүдөн кийин Усубалиевдин бир топко чейин көңүлү жайында болбой калат. Союздук ар бир республикасынын укугу анын территориясы, калкынын саны, экономикасы менен өлчөнөбү, калыстык болбой, майда улуттар, кичине республикалар чоңдордун тепсендисинде калабы (?) деген жагымсыз ойлордун жетегинде жүрөт. Ошол мезгилде КПСС БКнын аппаратында отурган айрым кызматкерлер союздук республикалардын жетекчилерине бирдей мамиледе болбой, Борбордук Комитеттин саясый бюросунун курамына кирген жетекчилерге кошоматтык кыларын ага чейин деле өзү сезип жүргөн. Андайлардын бири КПСС БКнын уюштуруу бөлүмүнүн орун басары Могильниченко деген «Өзбекстанга мынча жайыт бер, Ысык-Көлдүн жээгинен баландай орун бер, Сары-Челектен мынча жер...» деп Москвадан ылайыксыз, жадатма көрсөтмөлөрдү берип турчу. Жогортодон айтылган ооз эки буйруктарды ал кезде талкуулоого болбойт эле, айрымдарын аргасыздан аткарчубуз. Антпесек, көптөгөн маселелердин чечилиш башаты түздөн-түз ошол москвалык чиновниктердин көз карашына байланыштуу болгон.
Соң-Көлдү кичинесинен жакшы билген Турдакун Усубалиев көл жөнүндөгү материалдар менен кайтадан дыкат таанышып чыгат. Он-он беш жаш чагында ата энеси менен Соң-Көл жайлоосуна барган бактылуу күндөрүн эстейт. Алардын дамамат конушу Соң-Көлдүн куймасындагы Акташ жайытына келет. Көлдөн агып чыгып жаткан секундасына 5-6 м/куб болгон Кажыртынын туптунук мөлтүр кашка суусун көрүп ичи ачышат. Бир бульдозер, бир экскаватор менен суунун нугун тереңдете каздырса, 10-15 күндө Нарын дарыясына агып түшүп, кереметтүү Соң-Көл соолуп, миллиондогон жылдардан жаралган тең салмактуулугу бузулуп, мөңгүлөрү эрип, өрөөн какыраган шамалдуу чөлгө айланмак. Миллиондогон жылдардан келе жаткан баа жеткис жаратылыш байлыктан, кайталангыс кооздуктан заматта кол жууп калары белгилүү болгон. Эгерде көлдөгү сууну агызсак, бузулган экология жалаң Соң-Көл өрөөнүнө эмес, айланасындагы региондорго дагы тескери таасири тиймек. Ал жерди жайлаган төрт райондун күтүрөгөн малы жайкысын кайда багылары дайынсыз эле. Андан тышкары, деңиз деңгээлинен 3000-3800 метр бийиктиктеги көпчүлүгү СССРдин “Кызыл китебине” катталган флора, фаунанын, ансыз дагы азайып бара жаткан жапайы айбанаттарыбыздын тагдыры эмне болмок?
Аргасыздан күтүлбөгөн бузуку суроолорду ойлоп, маанайы түшүп, көңүлү чөккөн Т.Усубалиев Фрунзеге, андан ары Москвага, СССР Жогорку Советинин сессиясына Соң-Көлдү сактап калуудагы илимий материалдарын топтоп жөнөп кетет.
Турдакун Усубалиевич Никита Хрущев менен жолугушууда Соң-Көл тууралуу кеңири илимий баяндама жасап, бир аз аны мактай келип, анын оюн туура багытка бурганга аракеттенип, “өзүңүз жакшы билесиз, ансыз дагы кийинки убактарда бийик тоолордогу мөңгүлөр азайып, андан кубаттануучу булактар соолуп, дүйнөлүк алкакта кургак аянттардагы суунун көлөмү кескин төмөндөп бара жатат. Үч миң метр бийиктиктеги Соң-Көлдүн суусун эгилген пахта аянттарын сугарууга Нарын дарясына куйдурганга союздагы климатологдордун, экологдордун жана башка окумуштуулардын илимий жыйынтыгы зарыл” деп токтойт. Кийинчерээк Хрущевдун секретары телефон чалып, Соң-Көлдүн суусун Нарын дарыясына агызуу тууралуу маселе күн тартибинен алынгандыгын кабарлап, сүйүнчүлөйт.
Өзбекстандын жетекчилиги, СССР энергетика министрлигинин, СССР суу чарба жана мелиорация министрлигинин колдоосу боюнча «Гидропроект», «Главниипроект» долборлоо институттары Чаткал дарыясына суу сактагыч жана ГЭС курганга көп жылдардан бери иш жүргүзүп келишкен. Таңкалычтуусу, аталган долбоорлорду даярдоодо Кыргызстандын жетекчилиги менен караманча макулдашылган эмес. Коомдук пикирди жаратуу үчүн Өзбек Республикасынын «Правда Востока» гезитине бул материалды байма-бай жарыялап турушкан. КПСС БКнын органы болгон «Правда» гезитине дагы 1971-жылдын 20-июлундагы санына көлөмдүү материалды жарыялап, Чаткал суу сактагычтан, курулуучу ГЭСтен алынуучу экономикалык-өндүрүштүк маанисин союздук деңгээлге чейин даңазалашкан.
Чаткал өзөнүнүн көпчүлүк аянттарын ээлеген суу сактагыч, ГЭС, жээгине Ташкент жана башка Өзбекстандын облустарынын эмгекчилерине эс алуучу жайларды, инфраструктураларды, бургулап чыгарылган ысык минералдык суулары бар санаторийлер, алма бак жана балык чарбасын өнүктүрүүнү, кышкысын союздук деңгээлдеги спорт оюндарын уюштурууну долбоорлоп жатышкан. Кыргызстан КП БКнын, республиканын министрлер советинин Өзбекстандын жетекчилигине жана СССР энергетикалык, СССР суу чарба министрлигине Чаткал өрөөнүндө суу сактагыч жана гидроэлектростанциянын долбоорун токтотуу жөнүндөгү кайталап кайрылган өтүнүчүнө караманча көңүл бурушкан эмес. “Бизде бир эле жол калды – КПСС БКга жана СССР Министрлер Советине кайрылуу” дейт Турдакун Усубалиев өзүнүн жазган китебинде.
Орто Азия жана Казакстанды бир геосаясат деп, өндүргүч күчтөрүн жайгаштырууда, илимий-өндүрүш борборлорун ачууда, сууну, гидроэнергетиканы, жаратылыш байлыктарын пайдаланууда, жакын кошуналарыбыз КПСС БКнын саясый бюросунун мүчөсү Д.Кунаев, КПСС БКнын саясый мүчөсүнө кандидат Ш.Рашидов, КПСС БКнын мүчөсү болгон Т.Усубалиевге көптөгөн талаш маселелеринде кысым көрсөтүшүп, өздөрүнүн пайдасына чечүүгө дамамат аракет жасашчу. Усубалиевдин деңгээлинин бийиктигинен, токтоо мамилесинен, саясый такшалгандыгын далилдеп, ар бир талаш болгон иштерде толук даярдыгы менен катышып, өз тарабына оодарып турган мекемелерди четинен санасак: Борбор Азиядагы жалгыз кардиологиялык борбор, космос илим изилдөө институту, ЭВМ заводу, бүткүл союздук кой чарба илим изилдөө институту, Соң-Көл жана Чаткал чатагы жана башкалар кирет. Борбордук партиялык органдарда, союздук өкмөттө жана СССР илимдер академиясы баш болгон илим изилдөө мекемелеринде Д.Кунаевден, Ш.Рашидовдон Турдакун Усубалиевичти алардан кем эмес баалап, сыйлашчу (!) деп аралаша иштеген партиялык кызматкерлери жазып, кеп кылып жатышат.
Союздук жогорку органдарына даярдалган Кыргызстан КП БКнын катында СССР энергетика министрлигинин «Гидропроэкт» институту тарабынан Нарын дарыясында 18 электростанция долбоорлонуп, анын кубаттуулугу жылына 30 миллиард кВт/саат союздагы эң арзан электр кубатын иштеп чыгара тургандыгы, жетинчи, сегизинчи беш жылдыктын мезгилинде кубаттуулугу 220 миң киловатт Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтери курулуп, тогузунчу беш жылдыкта кубаттуулугу 1,2 миллиион киловатт Токтогул ГЭСи, 19 миллиард куб/м сыйымдуулугу бар суу сактагычы менен курулуп жаткандыгы, 1975-жылы 800 миң киловатт кубаттуулугу бар Күрпсай ГЭСинин курулушу башталарын, азыркы мезгилде Орто Азиядагы эң кубаттуу 2 миллион кВт/саат 9 миллиард куб суу сактагычы менен эки Камбар-Ата ГЭСтери, ошондой эле кубаттуулугу 450 миң кВт/саат Таш-Көмүр ГЭСтеринин долбоорлоо иштери бүткөрүлүп, курулуу алдында тургандыгын, Чаткал дарыясында ГЭСти жана суу сактагычты куруунун өндүрүштүк зарылчылыгы жок экендиги далилдеп айтылган.
Жүргүзүп жаткан өндүрүштүк чараларыбыз Орто Азия республикаларын туруктуу электр энергиясы менен гана камсыз кылбастан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанга 500 миң гектар айдоо жер жаңыдан өздөштүрүлүп, 1,5 миллион гектар аянтты суу менен камсыздоону жакшырта тургандыгы жеткире далилденген. Кайрылуубуздун негизинде Кыргыз ССРинин жана Өзбек ССРинин койгон маселелерин талкуулоо үчүн КПСС БКнын саясый бюросунун чечими менен «Чаткал чатагы» өтө кооптуу болгондугуна байланыштуу СССР Министрлер Советинин преседатели А.Н.Косыгиндин жетекчилиги боюнча чоң комиссия түзүлүп, олуттуу талаш-тартыштан кийин Чаткал суу сактагычын жана ГЭСти куруу негизсиз (!) деген тыянакка токтошкон. Убагында мындай калыстык менен чечилген саясый-өндүрүштүк жыйынтыкка жалгыз чаткалдыктар эле эмес, мүлдө Кыргызстандын эли чексиз ыраазы болушкан.
Чаткал өрөөнүн кескин көтөрүү жөнүндө Кыргызстан КП БКнын жана Министрлер Советинин токтомунун негизинде Чаткал району түзүлдү. 1971-жылы жалгыз Чаткал совхозу болсо, кийин «Ак-Таш», «Беш-Арал», «Башкы-Терек», «Чаткал» мал чарба станциясы, кесиптик техникалык окуу жайы уюштурулуп, нан, кирпич заводдору, турак жайлар, оорукана, мектеп, бала бакчалар, 150 чакырымдык Чаткал–Ала-Бука–Киров автожолдору пайдаланууга берилип, телефон станциялары курулду. Ала-Букадан жогорку чыңалуудагы электр энергиясы Чаткал өрөөнүнө тартылып келинди.
1979-жылы ааламда сейрек кездешүүчү уникалдуу өрөөндү сактап калуу максатында «Беш-Арал» коругу уюшулган. Аянты 116,7 миң гектар. Жылдык жаан-чачын тоолуу аймактарда 700 мм чейин жаайт. Токой жана сейрек токой массивдери 30 миң гектар жерди ээлейт. Флоранын 300 түрү бар, анын 30 чанда кездешүүчүлөрдөн. Коруктун аймагында өсүмдүктөрдүн айрым баалуу түрлөрү СССРдин “Кызыл китебине” катталган. Жаныбарлар дүйнөсүнө өтө бай. Мында аркар, кулжа, тоо эчки, элик, кашкулак, кара суур, кызыл карышкыр, күрөң аюу, кундуз, илбирс, суусар, суу күсөн, мадыл мекендейт. Канаттуулардан бүркүт, бакачы куш, ылаачын, ителги, жору да бар. Алардын баары СССРдин “Кызыл китебинде” катталган.
Республиканын экономикалык колдоосу күчөгөндөн баштап, райондон көчүп кеткендер токтоп, кайра көчүп келгендер көбөйгөн. 1976-жылы Чаткалда 9 миң адам болсо, 1988-жылы жашоочулардын саны 20 миңден ашкан.
Сугат аянттарын кеңейтүү максатында, «Арал», «Кайыңсуу», «Түлөберди», «Тегирмен-Сай», «Чоң-Тектир», «Аксуу», «Карасуу», «Аюу-Чач» каналдары курулду. Коомдук малга 200дөн ашык короо сарайлар тургузулду. Малдын саны кескин көбөйдү. Союздук деңгээлге чыгып, нечендеген татаал «Чаткал» салгылашуусунда чабышып, жеңиштүү кайткан жетекчибиз Турдакун Усубалиевдин келечекте гүлдөгөн айыл чарба, өнөр жай курулуштун, өнүккөн тоо-кен тармактарынын, теңдешсиз эс алуучу жайдын, Чаткал биосфералык аймактын, туризмдин Меккесин айлануучу уникалдуу өрөөндүн, эгемен Кыргызстандын бейжоопсуз, башсыз таланды заманындагы туш тараптан кечиримсиз талкаланган абалы ар бир мекенчил адамдарыбыздын жүрөгүн сыздата оорутуп, кайдыгер калтырбайт.
Чаткал өрөөнү узундугу 200 км, туурасы 20 чакырымдай жалаң асман тиреген бийик тоолорго, касиеттүү мөңгүлөргө, алардан агып чыккан көк кашка таза сууларга, альпы жайыттарына, көз жоосун алган токойлорго, аларга байырлаган миң түркүн өсүмдүктөргө, байыртадан мекендеген жапайы жан-жаныбарларга гана эмес, жер алдындагы табылгыс кымбат баадагы кен байлыктары дагы көп экендиги байыртадан эле жашагандарга белгилүү болгон.
Эмесе ошол бейиштегидей Жаратканыбыз тартуулаган айтып бүткүс байлыктарыбызды байыртадан ата-бабабыз көздүн карегиндей сактап келсе, итбекер келген эгемендүүлүктүн бузулган заманында жапырт талоончулукка учуратып, жасаган теңирден тескери иштерибизге өзүбүз дагы ишенип-ишенбей, акыл-эси ордундагы адамды таңкалтыра турган мезгилде жашамыш этип жатабыз.
Чаткал дарыясынын жылдык орточо чыгымы 122 секундасына м/куб болуп, кубаттуулугу боюнча Нарын, Сары-Жаздан кийинки үчүнчү орунду ээлейт. Чаткалдан агып чыккан 3847 миллион куб суунун 99 пайызы өзбек кошуналарыбызка итбекер кетип, Ташкент шаарынын жанындагы көлөмдүү Чарвак суу сактагычын толтурат.
Эгемендүү Кыргызстандын “жапайы-башсыз” заманында, Чаткал району болуп көрбөгөндөй талоончулукка учурап, кымбат баалуу пайдалуу кендеринин бирөөнө дагы мамлекетибиз ээ болбой, миллиондогон жылдарда барып зорго жаралуучу миллиондогон гектар аянттагы асылдуу жерлердеги жер кыртышын оюна келгендей ойрондотуп, жаратылыш байлыктарынан түгөл ажырап, мээнеткеч калкы, “алы жок адам акыретчил” дегендей, Жер эненин, элибиздин убал-сообу өзүбүз шайлаган мамлекет башчыларыбызга жетсин (!) дешип, жаш-карысынан тарта түгөлү менен каргап-шилеп турушат.
Бөлүшүү:

"Азия Ньюс" гезити