Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз прозасындагы Чыңгызхан: автордук көз караштар

Кыргыз прозасындагы Чыңгызхан: автордук көз караштар

19-февраль, 12:00
1 034 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн санда)

Адабияттагы тарыхка байланыштуу арбын проблемалардын ичинен бизде анча сөз болбой келген кардиналдуу бир маселе бар. Ал – тарыхтын көркөм иликтөөгө алынган мезгилдик-мейкиндик бир бүктөмүнө, аны кыйма-чийме толтуруп турган адамдар жана коомдук турмуштун тынымсыз процесстерине карата автордун көз карашы, позициясы, ошого жараша чыгармага сиңирген өздүк концепциясы. Мунсуз чыгарма жаралбайт. “Автор эмнени айткысы келип, окурманды эмнеге ишендиргиси келип жатат?” деген өтө маанилүү жагдайды эске албай туруп чыгармага калыс баа берүү, дегеле аны жеткилең түшүнүү кыйын болуп калат. Чеберчилик маселесин коё турганда деле, бир эле тарыхый окуянын же тарыхый инсандын ар башкача сүрөттөлүп, ар башка ойго жетелеп, ар түркүн тыянак чыгарууга түртүп турушу ириде ошол автордун түшүнүк, көз карашына байланып турары анык. Социалисттик реализм доорунан кийинки адабият менен кошо ага болгон идеологиялык чектөө-кысымдардын жок болушу элибиздин көркөм сөз чеберлери үчүн каалгандай өздүк көз карашын ачыктоого жол ачты да, өзүнчө эле "көркөм-эстетикалык плюрализмдин" мезгили башталды. Жазуучу-акындын табият берген таланты, билими, дүйнө таанымы жана аларга жараша сүрөттөп жаткан же сүрөттөмөкчү болгон объектисине карата көз карашы менен шартталган автордук дүйнө түшүнүгү ошентип толук эркиндик алды. Тактап айтканда, ошол автордук позиция (көз караш, концепция, дүйнө түшүнүк десек да болот) баардык авторлордо бирдей боло албастыгы эки жерде эки төрт дегендей эле нерсе болгондуктан, анын ишке ашуу жолдору же каражаттары да окшош, тең чамал эмес. Биз муну бир эле темага, бир эле инсанга арналган чыгармаларда колдонулган айрым көркөм-эстетикалык каражат ыкмалардын мисалынан даана көрсөк болот. Ошол сыңары кыргыз прозасындагы "Чыңгызхан" темасындагы чыгармаларда негедир жыш кездешкен (реалисттик сүрөттөмөлөргө удаалаш): каргыш, түш көрүү, көрүнчү, дуба, бата, кубулуу сындуу магиялык, мистикалык, эзотерикалык түшүнүктөрдүн көркөм-семантикалык табияты да автордук концепциялардын тек-жайын ачыктоодо олуттуу мааниге эгедер. Сыртынан өзүнчө сюжеттик-тематикалык сызыкча-линия же эпизод, деталь катары көрүнсө да, иш жүзүндө алар чыгарманын бүтүндөй ички структурасына, анын идеялык-образдык системасына таасир берип, автордук концепцияны ачыктаган категориалдык көрүнүш даражасында турат. Бир караганда реалдуулуктан тышкары же анын көлөкөсүндө тургансыганы менен алар түйшүктөн эзели арылбаган адам турмушун, анын акыл-эс, ой-сезим айдыңын дайыма коштоп, жандай келген эле көрүнүш-түшүнүктөр болуп эсептелет да, адабий чыгармаларда жөндөн-жөн орун албаган, маанилүү каражат-мотивдерден болуп калат. Ар биринин өзүнчөлүктөрү болсо да, алар бири-бири менен тутумдаша келип, бири-бирин шарттап, бири-бирине өтүп, татаалдашуусу да жыш кездешет. Мистика, магия, фэнтези деген абстракттуу түшүнүктөр алардын аралаш формасына деле колдонула берип, Батыш адабиятында ХХ кылымда дүркүрөп өнүккөн "аң-сезим агымына" тийешелүү модернисттик багытка да кошулуп кетет. Булар албетте, кыргыз адабияты ачкан жаңылык эмес. Аталган түшүнүктөр аралашкан, атүгүл баштан-аяк аларга чулганган чыгармалар дүйнөлүк адабиятта тээ илгертеден эле жарала келгени маалым. Кыргыз адабий прозасында бул көрүнүш орун алып, кулачын жайганына көп эле болду окшойт. Ч.Айтматов, А.Стамов, К.Жусубалиев, С.Раев, Т.Мадылбай, Ч.Абыкеев, А.Койчиев, А.Сарманбетов, Ж.Исабаева, Э.Өмүракунов, К.Аркабаев, К.Байбосунов ж.б. бир топ прозаиктердин чыгармаларынын айрымдарында эпизод, деталь, башкаларында бүтүндөй сюжеттин кыр аркасы, өзөктүү мотив катары функция көтөргөн магиялык, мистикалык көрүнүштөр улуттук прозадагы изденүүлөрдүн бир багытын түзөт дешке да болот. Неси болсо да, адам жана коом турмушунун кайсы бир кырларын жана сырларын ар башка, көп түрдүү ыкмаларда ачып берүү аракеттери колдоого арзып, кеп төркүнү чыгарманын көркөм-эстетикалык сапат-наркын көтөрүүгө, автордун максат-мүдөөсүнүн ишке ашуусуна аталган-аталбаган негизги жана кошумча поэтикалык каражаттар канчалык салым кошту (?) деген суроого барып такалат. Булар албетте, автордун чеберчилиги менен бирдикте чыгармалардын айланып өтүүгө мүмкүн болбогон башка, ирдүү проблемалары менен тутумдаш, удаалаш талданаары турган иш. 

***

Чыңгызхандын феномени дүйнөлүк адабиятта каршы-терши иштеле баштаганына далай заман болду, түркүн жанрдагы (тарыхый булактар, саясый-социологиялык, философиялык изилдөөлөр, чын-төгүнү түкшүмөл баяндар, эсепсиз ой-жорумдар ж.б.) учу-кыйыры көрүнбөгөн чыгармаларды айтпаган күндө да, Чыңгызханга арналган көркөм адабий чыгармаларды тизмелеп чыгуунун өзү деле оңой эмес (Василий Яндын "Чыңгызхан", "Батый", "Акыркы деңизге" үчилтиги, Курт Давиддин "Кара карышкыр. Теңири – кара карышкырдын уулу", Тейлор Колдуэллдин "Монгол", Ясаши Ионовенин "Бөртө Чоно", Исай Калашниковдун "Каар заман", Владимир Сечинскинин "Монгол. Чыңгызхандын купуя сыры" сындуу көрүнүктүү айрым романдарды эске алып, улай берсек болот). Кызыктуулугу романдардан кем эмес тарыхый изилдөөлөрдүн, ар кандай маалымат булактарынын негизинде тартылган кинофильмдердин болсо эсеби жок.

Аталган жана аталбаган авторлордон кыйла кеч болсо да кыргыз жазуучуларынын (изилдөөчүлөрүнүн да) бул темага кайрылышында табыгий зарылдык бар эле. Далай мезгилдер коңшулаш, аралаш жашап, далай жакшылык-жамандыктарды бирге баштан кечирген, бирде басташып, бирде достошо келип, акырында, айла жоктон, кырылып калуу коркунучунан улам Чыңгызханга баш ийип берген кыргыздар өзүнүн кийинки тагдырында ошол кез менен кошо келген алаамат-кесепеттерди унутушкан эмес. Бүтүндөй элдер самандай сапырылып, кырылып, тентип, андан калгандары таптакыр башка тирилик кылууга аргасыз кылган заманды, анын себепкери болгон инсандарды унутууга болбойт эле. Бирок мезгил өткөн сайын ал каар замандын деми сууп, мунарыктап, кай бир жактары унутулуп, же түркүн алымча-кошумчага дуушар болсо, башкалары "байыркынын жомогуна" айланып кеткени да чын. Эми, ал кезди эскерип, жайылтууга тыюу салынган Совет заманы артта калгандан кийин ар ким өзүн даңгыр жолго чыккандай сезип, ал тарых кайра баштан аңтарылып, орундуу-орунсузу аралаш сансыз көз караштар (изилдөөлөр) ортого салынды. Жазуучулардын роман, повесттерин да ошол доорду, анын кайсы бир үзүл-кесил учурун жана айрым тарыхый инсандар тагдырын көркөм-эстетикалык формада иликтөө десек болот. Ал эми ошол тарыхый доор, адамдар тагдыры кандай иликтенди, алардын тарыхый чындыгы, көркөм ынанымдуулугу канчалык, көркөм-эмоционалдык, эстетикалык таасирдүүлүгү кандай деген маселе сынчыл окурмандын көңүл борборунда турары да айгине. Жазуучунун накта чеберчилиги да ушул жерден таасын көрүнөрү бышык. Анткени чыгарма окулуп бүткөн соң катардагы окурманды да, адабият сынчысымын дегенди да кандайдыр бир ой-толгоолор чулгап, алардын аң-сезиминде кандайдыр бир из калтырып, кандайдыр бир бүтүмдөргө алып келгени абзел.

       Мына ушундай көз караштан алганда чү дегенде эле адабиятка дасыккан жазуучу катары келип кирип, бүгүнкү күндөрү чыгармачылыгы Кыргыз эл жазуучусу наамына арзыган Арслан Койчиевдин "Бакшы менен Чыңгызхан (Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери)" романы кыргыз прозасындагы жаңычыл чыгарма дешке толук негиз бар. Ушул өңүттөгү көркөм туундулардын бирине да окшобогон бул чыгарма кадиксиз мыкты жазылган. Бул чындык. Анын өзгөчөлүктөрү, козголгон жана чечмеленген маселелердин көрүнө, көмүскө жактары, автордун чеберчилиги Абдыганы Эркебаев, Жамгырбек Бөкөшов, Майрамбек Токторов, Болотбек Таштаналиев, Амирбек Азам уулу, Гүлнар Эмил ж.б. сынчы-адабиятчылардын макалаларында, сөздөрүндө (1) кыйла кенен жана терең талданып, омоктуу ойлор айтылса да, сөз аягына чыкпай, дагы далай талаш-тартыштар болот өңдөнөт. Себеп жөнөкөй эле – канча мезгил өткөнүнө карабай мыкты чыгармалар кайра-кайра сөзгө алына берет. Ошондуктан, алардагы орундуу жана талаштуу ой-пикирлерге токтолуп отурбай, биздин козгойлу деген маселебиздин багыты башка экендигин белгилей кетели. 

Кыскасы, ырасында эле күтүүсүз стилдик жана структуралык формада жазылган бул романда талаша турган, авторго каяша айтууну талап кылган, же автор "мен айттым, меники туура" дегенине баш ийбей баяндалган окуялар менен персонаждардын "өзүлөрү" жана бүтүндөй чыгарманын мазмуну каршылаш пикир жараткан учурлар бир топ. Көркөм чыгармачылыкта бул да боло келген табигый көрүнүш. Романда сүрөттөлгөн илгери-кийинки адамдар, коом турмушунун алкак-чөйрөсү кенен жана ага ылайык кепке алына турган адабий-эстетикалык проблемалар да жетишерлик. Алардын баарына болбосо да көбүнө адистер, окурмандар акырындап сереп салышат деген ишенич менен биз азырынча романдагы автордук концепцияга байланыштуу айрым жагдайларга назар сала кетели.

Белсемдүү адабиятчы Болотбек Таштаналиев мистика менен реализмдин жуурулушунан жаралган чыгарма катары адилет белгилеген "Бакшы менен Чыңгызхан" романында монгол империясы ыдырай баштаган нукура тарыхый заман менен алиге күбөлөрү, куруучулары аман-эсен совет доорун ичине алган эки мезгилдик-мейкиндик катмар бири-биринен айырмалуу белгилери менен чебер сүрөттөлөт. Кечээ эле аласалып кеткен Совет доорундагы тоталитардык системанын бир жактуурак, кээде кээкер, какшык аралаш сыпатталышын эске албаганда, Чыңгызхан доорунун рух-деми, ошол рух-демди жараткан хандар, бектер менен карапайым адамдардын тирлиги, үмүт-тилеги, жашоо, мансап, байлык үчүн ынсаптуу жана ыймансыз күрөшү, бүтпөгөн көйгөйлөрү, казак, кыргыз, өзбек, каракалпак элдерине караганда алда канча ар тараптуу жана кенен сыпатталган монголдордун жашоо образы, салт-санаасы, үрп-адаттары майда-барат ырым-жырымдарына дейре элестүү, жугумдуу баян этилет. Нарратив жана сюжет коюлган максатка жараша ийкемдүү келип, бирде көп бутактуу, бирде тарамдалып, логика бузулбай бири-бирин улап, биринде айтылбай калганын экинчиси толуктап жүрүп отурат. Бул жагынан авторду мактоо гана керек. Чыгарманы кызыгып окула тургандай сюжеттик-композициялык курулушка эгедер кылуунун өзү чоң чеберчиликти талап кылат. Мындан тышкары, чыгарманын тилдик байлыгы да кайдыгер калтырбайт. Көрүнүш-кубулушту, кыймыл-аракетти, портретти, ар түркүн кырдаалды табыгий мүнөз-ыргагынан ажыратпай, реалдуу жана образдуу бере билүүнүн өзү, диалог-монологдордун турмуштук мүнөзү да жазуучу чеберчиликтин кыйла бийик баскычына жеткендигине далил болот. Жазуучу кенедей деталдарга чейин тыкан мамиле жасайт. Кайталанма баяндар (айрым сөздөр, сөз айкаштары, алардын синонимдери) көбүнчө орундуу колдонулуп, каармандардын жүрүм-турум, кыял-жоругундагы кунт коё турган учурларды, кырдаал-шарттын эрекчелигин таасын ачып берсе, айрым жерлерде ашыкча кайталана берип, тажатма стилге айлануу коркунучун эске албаганда, А.Койчиевдин жазуу манерасы калыптанып калганы, сөз менен иштөө чеберчилиги жеткилең экендиги шексиз.


(Уландысы бар)

Курманбек Абакиров, профессор  

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер