Муфтий Абдулазиз Закиров балдарды эмдөөгө кайдыгерлигин көрсөтүүдө


Республика боюнча ушул көйгөй курч бойдон калып келүүдө. Кайсы бир радикалдуу диний агымдарга ыктагандар балдарын эмдетпей, медицинанын заманбап талаптарына каршылык көрсөтүшүп, караңгылыкка ыкташкандарын кантебиз? Тийешелүү органдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышса да майнап чыкпаганын айтышууда. Маселе Жогорку Кеңеште да бир канча ирет көтөрүлүп келди. Жыйынтыгында, вакцина албаган наристелердин чарчап калганы кабарланып, аягы аянычтуу бүткөнү көндүмгө айланды го... Негизи Кыргызстандын ар бир жараны жалпы мамлекеттик саясатка, биздеги мыйзамдарга баш ийип жашашы парз. Таңгаласың. “Эшекти отко айдасаң бокко качат” дейт. Ушул боюнча эл арасында абройлуу ажылар жетиштүү деңгээлде баян айтышпаганы да түшүнүксүз. Же алар дагы кошул-ташыл аракеттерин билгизбей жүрүшөбү? Муфтий Абдулазиз Закировдун аталган көйгөй боюнча үгүт-насаат жүргүзгөнүн уга элекпиз. Бул молдоке өзү кайдыгер эмеспи? Эмне үчүн калпыс көрүнүштөргө, “талибанчылыкка” каршы ой-пикирин билдирбейт? Ток этерине келсек, күч органдары мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды мажбурлоо жолу менен ишке ашырбаса, аягы жакшылыкка алып барчудай эмес.
"Азия Ньюс" гезити











