Акыркы кабарлар
» Саясат » Дагы эки партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди
Дагы эки партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди
31-август, 12:06

![]()
Президенттин жарлыгына ылайык, парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Депутаттар аралаш шайлоо системасы менен тандалат.
Дагы эки саясый партия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Алар «Улуттар Биримдиги» партиясы, анын артынан «Ишеним» партиясы билдирүү берген.
БШК шайлоонун өтө турган датасы белгиленгенден кийин беш календарлык күндүн ичинде аталган жараянга катыша турган саясый партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына кат түрүндө билдирүү жөнөтүшү керектигин эскертет.
БШКга жазуу түрүндөгү билдирме саясый бирикменин жетекчисинин колу коюлуп, мөөрү басылып, ага партиянын уставынын көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүп, тиркелип жөнөтүлүшү шарт.
Катты берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00.










