Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Бейшеналиевге ректор Садыков муштумун көрсөтүп коюптур...

Министр Бейшеналиевге ректор Садыков муштумун көрсөтүп коюптур...

29-октябрь, 17:54
1 080 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы маалыматтарга караганда, тажрыйбасы жок билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорун чакырып, “арызыңызды жазып бериңиз” деп сылык өтүнүптүр. Демейде момпоюп жоош көрүнгөн Канат Садыковдун ага ачуусу келип, кызарып-татарып “жазбайм” деп министрге муштумун көрсөтүп кетип калган экен. Керек учурда пайда болгон профессор Каныбек Осмоналиевге бул орун бошотулуп жатканы ошол жерде белгилүү болот. Муну уккан Канат Садыковдун свитасы “ректор шайланган, дагы үч жыл мөөнөтү бар” деп чуу көтөрүшөт. Шайланган ректорлордун канчасы мыйзамсыз кеткени менен алардын иши да жок. К.Садыковдун иши начар болгон үчүн С.Жээнбеков иштен алмак болуп, убактылуу сыноо мөөнөтү менен калтырганын кантип жашырабыз?  Алар жаман оюнда “Канат Жалилович отурса, биз да отурабыз” деп жатышат да. “Каныбек Осмоналиев факультеттеги шайлоодон өтпөй калган” деген маселе мындай экен. Ректор Ч.Адамкулова өзүнө оппонент катар ага каршы болуп, өткөрбөй койгонун бүт университет билет. К.Осмоналиевге каршы чыгып жаткан Алай Шамшиев, Кундуз Базакечева, Эркин Кулова өздөрүнүн резюмелерин К.Осмоналиевдикине салыштырып көрүшпөйбү. Тарту университетинин аспирантурасында окуган, технологиялык университеттин ректору, депутат, министр. Калпты чындай айтып эле каршы боло беришеби? Жаш курагы боюнча да калп айтышып, өрдөк учуруп жатышат. Кыскасы, калп менен оозангансыган бул декандардын деңгээлин көрүп, “ушуларга кор болгон кайран Улуттук университет” дегиң келет.


Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер