Акыркы кабарлар
» Саясат » Министр Нурдан Орунтаевге оңтойсуз собол...
Министр Нурдан Орунтаевге оңтойсуз собол...
24-февраль, 12:54

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри болуп Нурдан Орунтаев дайындалды. Беш жыл мурда катардагы тергөөчү эле. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин жылдызы жанып, Бишкек мэриясына ишке орношуп, вице-мэрге чейин жетип, чуулгандуу иштерге аралашып, “көккө жаккандай эле” көтөрүлүп кетти. “Аяш бала” катары сыпатталып келет. “Майталкан” кызматка отурду. Мындан аркысына баам салабыз дечи. Айтмакчы, министрге суроолорубуз бар: “Нурдан мырза, тергөөчү кезиңизде сизге карата аскер прокуратурасы тарабынан оор кылмыш иши козголгонбу? Ошол чуулган эмне болуп бүттү?” деп туралы. Балким жообун айтса, андан ары кеп козголот...
"Азия Ньюс" гезити