Акыркы кабарлар
» Коом » 36 жаштагы кыргызстандык жигит Россиядагы көп кабаттуу үйдөн кулап каза тапты
36 жаштагы кыргызстандык жигит Россиядагы көп кабаттуу үйдөн кулап каза тапты
30-сентябрь, 12:20
345 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айылынын тургуну Россиядагы көп кабаттуу үйдөн кулап каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ал “тез жардам” келгенге чейин көз жумган. Азыр Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин юристтери жана жергиликтүү полиция кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Өлүкканадан анын мээсине кан куюлуп кеткенин билдиришкен. Бирок, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин белгилүү болот. Сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү үчүн мекендештер акча чогултушкан.
Россияда каза болгон кыргызстандык жаранды акыркы сапарга узатуу зыйнаты Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өттү. Анын артында аялы жана бир жашка чыга элек кызы калды. Ал эжеси жана жездеси менен бир жылдан ашык убакыттан бери Россияда иштеп жүргөн. Үй-бүлөсүндө 6 баланын үчүнчүсү болгон.