Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул ТҮЛЕЕВ, эл аралык университеттин ага окутуучусу: “Азыр жаштарда элди ээрчиткен, “жарк” эткен түзүк идея жок болуп турат”

Расул ТҮЛЕЕВ, эл аралык университеттин ага окутуучусу: “Азыр жаштарда элди ээрчиткен, “жарк” эткен түзүк идея жок болуп турат”

07-октябрь, 10:19
765 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдо өз үнү бар, эл турмушуна кайдыгер эмес, төбөсү көрүнгөн жаштардын пикирлерине орун берип келебиз. Бүгүн эл аралык университеттин ага окутуучусу Расул Түлеев суроолорубузга жооп узатты.

-- Жаштар жолугушуп жүрөсүңөр, жакынкы жылдары Кыргызстандын турмушун таптакыр башка нукка бура турган жаш саясатчыларды күтсөк болобу?

-- Зеленскийге окшогон төбөсү көрүнгөн, өтө курч, билим дэңгээли жогору, командасы бар, каражат жагынан кыйналбай турган жаш саясатчы бизде чыга элек. Украинаны деле карап көрсөк, каражат көп роль ойногон. Зеленскийди деле украиналык олигарх Коломойский колдогон. Азыр эч ким көрүнбөйт. Бирок, менде үмүт бар. Андай болушу толук ыктымал. “Жаштар отуруп алды” десек да жарашпайт, кыймылдар болуп жатат. Бир нече партиялар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

-- Алардын арасынан “дүрт” этип суурулуп чыкпагандарынын эмне себеби бар?

-- Өкүнүчтүүсү, ар бир жаш саясатчы арасынан бирин сууруп чыкпай, ар бири өздөрүн лидер катары көрөт. Экинчиден, аларда “жарк” эткен түзүк идея жок болуп турат. Жалаң эле “жаштар биригебиз” деген ураан жарабай калат. Өзгөчөлөнгөн, айланасына жаштарды көбүрөөк чогулта турган идеялар жок. Бирок, шайлоочулардын көбү жаштар. Эгер ошол электоратты туура пайдаланып, аларды туура багытка бурсак, жаш саясатчыларга жолдор бар.

-- Көйгөйлөр көп, бирок азыр тез арада кайсынысын чечүүгө муктажбыз?

-- Кээ бирлер кен байлыкты, кээ бири чек ара маселесин айтып жатышат. Бирок, менимче эң көйгөйлүү маселелер экономика жакта былгып жатат. Турак жай маселеси курч. Азыркы учурда жаштар башын бириктирейин десе бара турган жайы деле жок. Санаасы тынч эмес. Үй-жайы жок. Анан үй салайын деген максат менен чет өлкөгө жөнөшөт. Экинчиси – жумушсуздук. Эртең ал мигрант жаштар кайтып келеби-келбейби, чоң күмөн. Эгерде эл жок болсо мамлекет да болбойт, күчтүү да боло албайт. Ошондуктан бул маселелерди чечмейинче, бийлик эч кандай башка көйгөйлөрдү чечкенге кудурети да жетпейт. Экономика – бул эл. Байлыкты эл табат. Бир дагы саясатчы коомчулукту бага албайт. Тескерисинче, саясатчыларды карапайым калк багып жатат. Экономиканын айынан социалдык маселелер көбөйүүдө. Анткени киреше булактары жок, салыктар төлөнбөйт, казына бош.

-- Бош казына менен мугалимдердин айлыгы кантип көтөрүлүп, кантип пенсияга акча кошулууда?

-- Бул дагы бир өкмөттүн аргасыз айла амалдары. Анткени бийликти эптеп жакшы көрсөтүү машакаты. Бүгүнкү учурда шайлоого шайлоочулардын жарымынан көбү келбей коюшу мүмкүн. Анткени шайлоого баргандар баягы эле дарыгерлер, мугалимдер, бюджеттен айлык алгандар болот. Ошондуктан азыр жаштар башын бириктирсе электорат кимдер, кайсы базага багыт алышат – негизги маселе. Баягы эле “мугалимдердин айлыгын кантип көтөрүш керек?” маселесин ойлонбой, “жумушсуздуктан кантип кутулабыз? Турак жай маселесин кантип чечебиз?” ушуларды ойлонуу шарт. Бүгүнкү күндөгү ипотека жөнөкөй адамдарга жеткиликтүү эмес. Биз ошонун негизинде программа түзүп жатабыз. Ал программаны жайылтканга тарапташтарды тапканга аракет кылабыз.

-- Ар бир саясатчы ар нерседен уялат экен. Бүгүн сен эмнеден уяласың?

-- Чынын айтканда, мен уялбайм, мен намыстанам. Кыргыз эли ушунча жылдан бери бутунан тура албай өз жеринде мусапыр кейпин кийип жүрөт. Байкасаңыз, өлкөбүздөгү бизнестин баары чет өлкөлүк бизнесмендерге таандык. Биз, кыргыздар болсо эмгек акы аз төлөнгөн оор жумуштарда эмгектенебиз. Экинчиден, намыстанганым чоң өлкөлөр (Кытайды айтпай эле коёюн), Тажикстан, Өзбекстан бизди кордоп жатат. Бул биз үчүн аябагандай намысты ойгото турган нерсе. Бирок, биз ага да уялбай Өзбекстандан 100 млн. доллар карызга сурап жатабыз. Негизи элдин санына жараша Кыргызстандын байлыгы Өзбекстандыкынан да, Казакстандыкынан да, Тажикстандыкынан да ашып кетет. Тилекке каршы, ушуга окшогон намыстанчу нерселер абдан көп. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер