«Республикадан» пайда көрбөгөн Ташиев

Жогорку Кеңештеги саны жагынан экинчи орунда турган «Республика – Ата Журт» фракциясы азыркы курам менен шайлоого катышпай турган болду. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев «Азаттык» радиосуна билдирген. Анын айтымына караганда, «Республика» менен кызматташуу эч кандай жемишин берген эмес.
«Биз, албетте, шайлоого даярданып жатабыз. Биз шайлоого биринчи жолу катышып жаткан жокпуз, качан даярдык көрүш керек экенин жакшы билебиз жана шайлоодо утабыз деп ойлоп жатам. «Ата Журт» бул жолу «Республикага» кошулбай, өзүнчө барат. Себеби, 2010-жылдагы ийгиликти кайталагыбыз келет. Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшкөн жокмун, көптөн бери көрө да элекмин. Ал шайлоого катышабы же жокпу, билбейм. Партия лидери катары мен парламентке өтпөй калдым. Бул жыйынтыкты мен нөлгө теңейт элем» деди Ташиев.