Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күч органдарынын ардагерлери кооптуубу? ИИМ митингдин өтүшүнө баа берсе керек

Күч органдарынын ардагерлери кооптуубу? ИИМ митингдин өтүшүнө баа берсе керек

09-февраль, 12:00
714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Өткөн жумада күч органдарынын ардагерлери Горький паркына митингге чыгышып, пенсиянын аздыгы, жашоо шарттын кыйындыгын айтышып, мамлекет тарабынан көңүл бурулбай жатканын жар салышты. Бул нааразычылык акциясы саясатсыз болгону менен бийликтегилерди ойго салды окшойт. Ардагерлердин арыз-муңдары интернет айдыңынан өчүрүлүп, көзөмөлгө алынды. Ириде көйгөйдү чечүү керек. Туурабы? Акцияга негизинен Бишкек, Чүй, Ысык-Көл, Нарындан келишкени кабарланды. Мына ушул шаар, облустардагы башкы милициялар алдын ала иштешип, маселени митинг жолу менен эмес, сүйлөшүү аркылуу жайгарууга аракет кылышса болбойт беле? Коомдук-коопсуздук абалга кимдер жоопкер экенин билесиңер. Биз багыт бердик. Эмесе, ИИМдин жогорку жетекчилиги талдоо жүргүзүп, шаар, облустагы жетекчилерине баа берүүсү керек. Алар шалаакылык жасаштыбы? Талдайлы. А ким билет? Убакыттын өтүшү менен ардагерлердин нааразычылыгы саясый күчтөргө кошул-ташыл аралашып кетсечи?..  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер