Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айтбекова: Өспүрүм кызга дары берип, баңгиликке көндүргөндөр жоопко тартылсын

Айтбекова: Өспүрүм кызга дары берип, баңгиликке көндүргөндөр жоопко тартылсын

05-июль, 11:49
361 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Теле алып баруучу Назира Айтбекова өспүрүм кызды курамында маңзат бар дарыларга көндүрүп койгон жарандын жоопкерчиликке тартылуусу керектигин айтып, коомчулуктун бул окуяга жапырт көңүл буруусун суранды.  

Маалым болгондой, Айтбековадан кыздын апасы кызын курамында маңзат бар дарыларга көндүргөндөрдү жоопко тартылуусуна жардам берип коюуну өтүнүп кайрылган.

"Мага жалгыз бой эне жазып, жардам сурап жатат. Кенедей өспүрүм кызын таблеткага олтургузуп коюшуптур. Ал таблеткалар аптекада кенен сатылат экен. Ага көнгөндөн кийин чоңураак баңгиге өтүшөт экен. Кызга таблетка берип, ичирип , зордуктап коюшкан. Зордуктап, видеого тартып алып, шантаж кылып, акча талап кылышат экен. Учурда ооруканада экен. Апасы кимге кайрылып, эмне кылаарын билбей жатат. Дагы 14 жаштагы кызды да таблеткага олтургузушуптур.
 Достор, бул темада коңгуроо кагып, массалык маалымат каражаты көтөрүшүп, иликтеп, жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз", -деп жазган алып баруучу айым. 

Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан катталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө  2003-жылы туулган Н.А аттуу жана  А.А. 2008-жылы туулган жарандар кармалды. Учурда керектүү экспертизалар дайындалды", -деп айтылат маалыматта.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер