Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ашмалтай саясатын ачыктады

Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ашмалтай саясатын ачыктады

14-сентябрь, 08:24
3 197 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаровдун келиши менен көп жылдан бери реанимациялык абалда жаткан Кыргызстан жандана баштады. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган чоң майрамда кадимки СССР убагындай парад өткөрүлүп, элдин духу көтөрүлдү. Ала-Тоо аянтынан кыргыз мамлекети калыбына келе баштаган тарыхый учурга күбө болдук. 

Мурдагылар эл менен иши жок кутуруп жүрө беришсе, президент Садыр Жапаров “кыйналган карапайым калкты багып алам” деп мамлекет үчүн колунан келген аракетин аябайт көрүнөт. Бирок парадды кабыл алып жаткан трибунадагы аттуу-баштуу адамдардын арасында “ана камалат, мына камалат” деп жатышкан Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун чыгып алышканы Кыргызстандын ашмалтай саясатын ачыкка чыгарды. Роза Отунбаева “обожать” эткен АКШ баш болгон капиталисттердин Кыргызстанды чачыратып жок кылуу саясаты толугу менен ишке ашты. Капиталисттердин саясатын жүргүзүп турган президенттерди (А.Акаев, К.Бакиев) кыргыз эли эки жолу кууп чыгышса, үчүнчү жолкусунда “коррупция менен мафиянын” башында турган Сооронбай Жээнбековду айдап чыгышкан. 30 жылдан бери мамлекетти талкалап, 6,5 миллион кыргыз элинин шоруна калышкан кылмышкер-президенттер түрмөдө отурушу керек болчу. Мунун баары Кыргызстанда мамлекеттүүлүк жана мыйзамдуулук эбак жок болгонун айтып турат. Бизге караганда баардык мамлекеттерден артта калган Афганистан алда канча өйдө экенин көрсөттү. АКШга баш ийбеген талибандар 20 жыл бою согушуп жүрүшүп акырында жеңип чыгышты. АКШнын арам саясатын аткаргандар жазага тартылып, калган тарапташтары качып кутулууда. Бирок Кыргызстандагыдай ашмалтай саясат орун алып, дааратканадагы курттардай аралашып калышкан жок. Эми Кыргызстандын ашмалтай саясатын Ооган жергесине которуп көрсөк, кандай окуяларды көрөбүз?

Талибандардын жеңишине карата чоң майрам өткөрүлүп, ал жерде америкалыктар, афгандыктар, талибандар, талаа командирлери, ИГИЛ, “Аль- Каида” жана башкалары чогуу майрамдап жатканын элестетип көрөлү – жерге түкүрбөскө айлаң жок. Шарияттын мыйзамдарын туу туткан талибандардын алдында Р.Отунбаева “обожать” эткен жылаңач катындар бийлеп турушса, апийим чеккен афгандыктар улам бирөөсүн баса калышып, тамашага батышса, “мына сага демократия” деген америкалыктар шылдыңдап турушса, айланта курчап турган талаа командирлери “пачагыңарды чыгарабыз” деп чабуул коюшса, баарынын жүздөрү ачылмак. Мындай башаламандыктарга жол бербеген талибандар АКШны айдап чыкканына караганда, саясат, геосаясат, менталитет, идеология маселелерин кыргыздарга караганда өйдө түшүнөт көрүнөт. Анткени, марксизм-ленинизмди окубаган бечара талибандар жашоонун ачуу-таттуусун иш жүзүндө көрүп чыгышты. 

Ал эми кыргыз президенттери жөнүндө айтсак, баары тең В.Путин менен Си Цзиньпиндин замандаштары. Бирок иш жүзүнө келгенде айырмасы асман менен жердей болуп, деңгээли төмөн, түшүнүгү тар немелер болуп калышты. Бүгүнкү бийликтин айкөлдүгүнөн пайдаланган коррупция менен мафия кыргыз мамлекетине коркунуч жаратары турган иш. Кыргыз элин бүгүнкү оор жашоого алып келген күнөөкөрлөр жазага тартылмайын, элдин нааразычылыгын токтотуу мүмкүн эмес. Күнөөлүүлөрдү жазага тартуу талабын койгон кыргыз эли 60 миң кол чогултушту, кайгылуу Ош окуясын эскеришип ичтеринен сызышты, алардын арманын угуп жаткан президент Садыр Жапаров өзү да бийликтин запкысын көрдү. Эми ошолордун баары “өч алабыз” деп көтөрүлүп чыгышса, эмненин ичинен чыгабыз? 

Ошондуктан Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн жана мыйзамдуулугун, ошондой эле адилеттүүлүк менен акыйкатты орнотуш үчүн президент УКМК төрагасына  тапшырма берип, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу талабын коюшу керек. Эл аралык деңгээлде Кыргызстан коррупциялык өлкө аталып, жабыркаган 6,5 миллион кыргыз эли үчүн бир да кылмышкер жоопко тартылбаганы – тышкы жана ички мафиянын мамлекетке, элге каршы аракети десек болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер