Медиктер бейтаптардын көзүнөн алдыда өлүм болорун билүүнү үйрөнүштү

Медиктер бейтаптардын көзүнөн тез өлүмдүн алдын алууну үйрөнүштү. Бул тууралуу “ESC Heart Failure” басылмасына шилтеме берип “Барометр” которду.
Окумуштуулар жүрөгүндө кемтиги барлар менен ооруган бейтаптардын тез өлүм көрсөткүчүн табышты. Аны каректин кичирейгенинен байкаса болот.
Изилдөөлөргө таянсак, дарыгерлер 870 адамга байкоо жүргүзүп, аларды эки типке бөлүшкөн. Чоң жана кичинекей каректер тобуна. Аларга эки жыл аралыгында байкоо жүргүзүлгөн. Каректери кичинекей болгон жүрөгүндө кемтиги бар бейтаптар каректери чоңдорго караганда көп каза болушкан. Ошондой эле чоң каректүүлөргө салыштырмалуу ооруканага кичинекей каректүүлөр 50%га көбүрөөк жатышкан.
“Жүрөгүндө кемтиги бар бейтаптардын абалын баалоо үчүн алардын карегинин аянтын өлчөө маанилүү экенин байкоого болот” деди окумуштуулар. Ошондой эле каректин өзгөрүшү альцгеймер, паркинсон ооруларын, кант диабетин жана башка ооруларды аныктоодо дарыгерлер тарабынан кеңири колдонулат.