Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нагима ШАБОТОЕВА: “Футболду жакшы көрөм. Гүлжигит Алыкуловдун ойногону купулума толду”

Нагима ШАБОТОЕВА: “Футболду жакшы көрөм. Гүлжигит Алыкуловдун ойногону купулума толду”

30-декабрь, 17:59
3 853 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Нагима карындашым экөөбүз жакшы сүйлөштүк. Ачык-айрым мүнөзү жакты. Жаштарга үлгү боло турган кыз. Сулуулар сынагында да күч сынашып көрүптүр. Саясатчы болбой саякатчы болууну жана футбол оюнун жактырарын айта отурду.


-- Нагима, атыңды ким койгон?

-- Жазуучулардан замандын залкары, бүткүл дүйнө эли тааныган Чыңгыз Айтматовду жактырам. Бир да чыгармаларын калтырбай сүйүп окуйм. Улуу жазуучу жөнүндө толук маалымат алыш үчүн атайын төрөлүп өскөн айылы Шекерге барып келген жайым бар. Менин атымды дагы апам Чыңгыз Төрөкуловичтин апасы Нагима Хамзаеванын урматына койгон, кыскача себеби ушундай.

-- Мектепти ошол эле айтылуу Талас облусунун Бакай-Ата районунан бүтсөң керек эле, сулуулар сынагына да катышканыңды билебиз, ырдайсың, бийлейсиң, комузда кол ойнотосуң... Табият берген шыкпы?

-- Туура айтасыз, мектепти Бакай-Ата районунан бүткөм. Окуп жүргөн кезимде эле ар кандай ийримдерге барып жүрдүм. Ата-энем музыкалык мектепке жетелеп келгенде абдан сүйүнгөм. Мугалимдер шыгым бар экенин билип, комуз бөлүмүнө окутушту. Беш жыл комузда ойногонду үйрөндүм. 11-класста экенимде “Талас сулуусу” аттуу сынакка катышып, өзүмдү сынап көрдүм. Жаман болгон жок. Ийгилик коштоду. Мунун баарын табият берген энчи катары баалайм. 

-- Азыр Кыргыз-Түрк Манас университетинде билим алып атасың, канчанчы курс болуп калдың?

-- 3-курстамын. Саякаттаганды жакшы көрөм. Буга чейин коңшу өлкөлөрдө, Түркия, Германия, Чехия мамлекеттеринде болдум. Ар бир мамлекеттин өзгөчөлүктөрү бар эмеспи. Маданияты, архитектурасы, ажайып кооз жерлери, түрлүү тамак-аштары бөтөн элди өзүнө тартып турат. 

-- Канча тилде эркин сүйлөй аласың?

-- Кыргыз, орус тилдерин кошпогондо түрк, англис, немис тилдеринде эркин баарлаша алам. Бир сөз менен айтканда, көчөдө калып кетпейм. Кайсы бир учурда чет тилдери мен үчүн кыйынчылык жаратчудай сезилчү, көрсө, чыгыныш керек экен. Жалкоолуктан арылсаң эле баары өз нугуна түшөрүн билдим.  

-- Жигитиң барбы, сыныңа кандай жигиттер толот?

-- Жигитим жок. Мага билимдүү, ыймандуу, айткан сөзүн эки кылбай аткарган, түшүнүктүү, тамашакөй, жоопкерчиликтүү, мени жана жакындарымды сыйлаган, ар дайым колдоп турган мырзалар жагат. “Көздүү мончок жерде калбайт” деп коюшат эмеспи, али убакыт бар.

-- Клипке, киного тартылуу оюңда барбы?

-- Кино жаатына аябай кызыгам. Атүгүл “Кайнене” кинокомедиясынын сонун эпизодуна тартылгам. Кино тармагы абдан кызыктуу экен. Башкы ролдо ойной турган жагдай болуп калса, эч тартынбастан барууга даярмын. Андан сырткары, эки клипке чыктым. Сунуштар келип атат. 

-- Спорттун кайсы түрүнө кызыгасың?

-- Футболго. Бала кезде эркектер менен топ тебишип, бозала болуп жүргөн күндөр көп болду. Азыркыга чейин футболдук мелдеш болуп аткан жерден кыя өтпөйм. Аралашып кетпесем да көпкө чейин карап отура берем. Жакында эле Япониянын курама командасы менен биздин топ тепкичтер арасындагы мелдешке күйөрман болуп стадиондо отурдум. Гүлжигит Алыкуловдун ойногону купулума толду. Телевизордон футбол көрсөтүп аткан каналды издеп таап, тажабай көрөм.

-- Бош убактыңда эмне менен алексиң?

-- Менде андай деле бош убакыт жок. Окуудан тышкары ажарлоочу ишим бар. Кыздарды сулуулайм. Биринчи келип аткан кыздарга кеп-кеңешимди айтам.

-- Соцтармактардын кайсынысында көп отурасың?

-- Баардыгында бармын. Бирок Инстаграмда көбүрөөк отурам. Жаңылыктарымды ошол жакка тынбай салып турам. Миллион катталуучум болбосо да активдүү көрөрмандар жетиштүү. 


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер