Искендер Шаршеев: “Мамлекеттик кызматтардын эмгек акысы өскөнү байкалууда”
-- Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда орточо айлык акы 30 миң 93 сомду түздү. Өткөн жылдын апрелинен бери 42,4%га өскөн. Чындап жылыш барбы?
-- Орто эсеп менен соода жана тейлөө тармагында эмгек акы былтыркы жана мурунку жылдагыдай эле. Курулуш тармагында усталар көбүрөөк акча ала башташканы бир аз байкалууда, бирок жумушчуларга ар кандай деңгээлде эмгек акы төлөнөт. Жеңил өнөр жай тармагында эмгек акы 35 миңден 45 миңге көтөрүлдү. Тигүүчүлөр аз төлөсө тигүүдөн баш тартышары белгилүү да. Тейлөө тармагында айлык акы төмөн бойдон калууда. Соода тармагында кызматкерлердин төлөмдөрү ар түрдүү. Жогорку-техникалык кызмат көрсөтүүлөрдө, мамлекеттик кызматтарда өсүш болду, калган аймактарда кырдаалдык өсүш бар экени байкалат.
Кээ бир аймактарда оң жылыштар арбын. Ал эми айрым аймактарда андай жылыштар жокко эсе.
"Азия Ньюс" гезити