Айсулуу Мамашова, ЖК депутаты: “Атасы аялына кол көтөрсө, муну көргөн баласы да башка бирөөнү урат”

-- Айсулуу Турусбековна, өткөндө комитетте мектептердеги өкүмзордук, рэкетчилик боюнча чоң талкуу болду. Бул көйгөйдү чечүү үчүн кандай чаралар зарыл деп ойлойсуз?
-- Кечээ эле балдар боюнча форум өттү. Ал иш-чарага №13 мектептеги ур-токмокко кабылган баланын апасы келип, баласы ушу күнгө чейин психологго барып атканын, тиги баланын ата-энеси толук кандуу моралдык чыгым төлөбөгөнүн айтты. “Миң сом төлөп, ИИМ кызматкерлери эскертип, ошону менен иш бүттү, тиги бала эчтеке болбогондой керсейип жүрөт. Стресске кабылган балам болсо түнү менен уктабай, кыйналып чыгат. Миң сом төлөгөндөн башка ал балага эч кандай жоопкерчилик болбойбу? Ал бала да өзүнүн жоопкерчилигин сезиши керек да. Стресске кабылган баланын окуганга да көңүлү келбей калат экен” дейт.
Чындыгында эле өкүнүчтүү, жүрөк ооруй турган көрүнүш. Балдардын экөө тең ошол райондо жашашат экен. Зөөкүр балага карата эч кандай толук кандуу чаралар колдонулбаса, таяк жеген бала болсо башка мектепке которулуп кете албаса... Психологдор иштеп, эки баланы элдештирүү, мындан ары андай ишке барбашы үчүн кандайдыр бир кадамдар жасалыш керек болчу. Кол көтөргөн бала балким, өзүнүн үй-бүлөсүндө кордук көрүп өскөндүр. Үй-бүлөдө зордук-зомбулуккка кабылган бала өзү да бирөөдөн жинин чыгаргысы келет. Кечээ министрликтин өкүлдөрүнөн “мындай көйгөйдү кантип чечиш керек?” деп сурасак, “сиздер бизге айтыңыздарчы?” дешет. Мындай жоопту укканда мен жаман таңгалдым. Мектепте директор, окуу бөлүмүнүн башчысы дегендер бар, алар да өз жумушун жасашы керек да!
-- Анда сиздин оюңузча, мектептеги рэкетчиликтин себептеринин бири үй-бүлөдөгү зомбулук турбайбы?
-- Ооба. Биз баарыбыз көнүп калганбыз да, бирөө аялын сабап атса, “эрди-катын урушат, чыда” деп акыл айтабыз. “Мындай болбошу керек, аялга кол көтөрбө” деген аталар, апалар да аз. Ата аялына, уулуна кол көтөрсө, муну көргөн баласы да башка бирөөгө кол көтөрөт. Тилекке каршы, бул факт. Ушинтип уланып, күчөп кете берет. Өкүмзордук норма болуп калат. Ошондуктан, биз ириде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы жумуштарды күчөтүшүбүз керек. Бирөөгө бирөө кол көтөрүүсүнө ким укук берди? Ислам динин карасак, ал жерде деле мындай нерсе жок.
"Азия Ньюс" гезити