Жусупжан Жээнбеков менен Тазабек Икрамов шайлоого чейин эле кер-мур айтышканда


Сузак районунан парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан аттанган үлкөндөр арбын. Алардын көрүнүктүүлөрүнө токтололу. Кеп кезеги кер-мур айтышуудан башталды. Тазабек Икрамов “Сузактан мен чыгып атсам, сиз кыйналып каласыз го?” деп атаандашы Жусупжан Жээнбековго бир тийиптир эй! Анда Жусаке “эй, Тазабек, көрөбүз ким кыйналып каларын...” таризинде кекенип, каршылык көрсөтүүгө бел байлаптыр. Ата-баладай эки саясатчы тирешип, бири-бирин эңип түшүүгө ашыгып калышканда, башка катталар алдыга суурулуп чыгышпайбы? Маселен, Сузак районундагы шайлоонун атмосферасына өзбектер эбегейсиз таасир этерин, алардын добушу чечүүчү ыңгай жаратарынан кабарыбыз бар. Жусуке менен Тазаке кичинекей кыргыз айылдары жайгашкан аймактардан “аласаларын” талашса, берки жагын кантишет? Алдыртан уруш-талашка алдырышпай, мунасага келе алышабы?
"Азия Ньюс" гезити











