Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкектеги эки шайлоо округунда үгүт өнөктүгү башталды

Бишкектеги эки шайлоо округунда үгүт өнөктүгү башталды

07-февраль, 11:54
772 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 7-февралда кайра шайлоонун үгүт иштери башталды. Шайлоо компаниясы 26-февраль саат 8:00дө аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу эки округдан жалпы 53 талапкерди каттады. Алардын ичинен Биринчи май округунан 27, Свердлов округунан 26 талапкер бар.

Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын жалпы саны 215 миң 599 киши. Шайлоочулардын тизмесин тактоо 16-февралга чейин жүргүзүлөт (tizme.gov.kg сайтынан тактаса болот).

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер