Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалайбек Айдаралиев, экс-айыл чарба министри: “Бизде логистикалык борборлордун жоктугу көйгөй жаратып келет”

Таалайбек Айдаралиев, экс-айыл чарба министри: “Бизде логистикалык борборлордун жоктугу көйгөй жаратып келет”

17-май, 20:44
633 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Таалайбек мырза, бүгүнкү күндө жалпы республиканын айыл чарбасында кандай көйгөйлөрдү байкап атасыз?

-- Быйыл жаз айы суук болуп туруп алды. Тоолордо чөптөр көтөрүлө элек. Жылда бул убакта кымыз чыгып, бир карыштай жашыл майсаң болуп калар эле. Ушундан улам айыл чарбадагы жашылчаларга терс таасирин тийгизип атат. Айдоо аянттарын сугара турган суулар али келе элек. Тоодогу суулар түшүш үчүн туруктуу түрдө 17 градустан жогору болуу керек. Бизде ага жетпей атат. Түнкүсүн төмөнкү температура сакталып, түшүп келаткан суулар кайрадан тоңуп калып атканы байкалат. Ооба, жаз айы суук болгонуна карабастан дыйкан чарбалар арпа-буудайды айдашты. Бирок, маселе кандай үрөндү, кайсы жактыкын септи (?) деген суроо туулат. Дегеним, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатка былтыр Россиядан апкелген арпанын үрөндөрүн кара көсө басып кеткени маалым болду. Бул абдан чоң көйгөй жана эпсиз коркунуч жарата турган маселе. Бизде акыркы 10-15 жыл ичинде Кыргызстанда жоголуп калган. 

-- Эми эмне болот?

-- Эмне болмок эле, мамлекеттик деңгээлде жалпы күрөшүш керек. Былтыркы айдалган жерге быйыл дан эгиндерин айдабаган оң. Алардын ордуна жашылча өсүмдүктөрүн отургузуу менен гана жок кылса болот. Мындан сырткары, азыр кызылча менен жүгөрүнү сээп аяктап калышты. Ушуларды суу жана жер семирткичтер менен убагында камсыз кылыш керек. Сугат сууларын айттык, ал эми жер семирткичтер да чоң көйгөй жараткан маселе. Анткени, былтыр кымбат баада келип, дыйкандар албай койгон. Бир жылдай туруп калды, эскирип, сапаты төмөндөдү. 

-- Бул жагы жаман экен...

-- Эгер 300-400 килограмм себиле турган жерге эми эки эсе көбүрөөк себүү менен айласын тапса болот. Анын баары каражатка келип такалат эмеспи. Муну дыйкандар жасайбы же жасабайбы, бизге белгисиз. Антпесе түшүмдүүлүк азаят. Дагы бир маселе, бизде логистикалык борборлордун жоктугу да көйгөй жаратып келет. Дыйкандар өндүргөн түшүмүн өз убагында кайсы бир себептерден улам экспорттой албай калган учурлар көп кездешет, бул жаңылык эмес. Мына ошондо жер-жемиштерди, жашылчаларды кайсы бир мөөнөткө чейин сактоо талап кылынат. А сакташ үчүн логистикалык борборлор көздөн учуп калат. Жашылча-жемиш сактоо жана кайра иштетүү көйгөйү толтура. 

-- Бизде эл аралык стандартка жооп берген логистикалык борбор жана кайра иштетүүчү заводдор такыр жокпу?

-- Ушул маселелер бизде ордунан жылбай койду. Муздаткыч деген неме жок. Мисалы, “шоковая заморозка” дегенди кылып, анан экспортко жөнөтсө болот эле. Бир жылдары корей кесиптештер биздин Кыргызстанга келген. Мен аларды Талас жергесине алпарып, кадимки болгар калемпирлер талаасын көргөздүм. Дыйкандар килограммын 9-10 сомдон сатып атканын көрдүк. Ошондо корейлер ыйламсырап “эмне үчүн ушу жерлерге логистикалык борбор жана кайра иштетүүчү завод курбайсыңар?” дешти. Азыр эле сиздин алдыңызда дүкөн аралап, болгар калемпирлердин баасын көрдүм. Бир килограммы 300 сом деп турат. Анан суроо туулат: “эмне үчүн биз ушуга көңүл бөлбөйбүз?” деген. Албетте, таптакыр эле бизде жок деп оозду куу чөп менен аарчыбайбыз, андай немелер бар, бирок аз санда. Алсак, ошол эле таластык Манас Белашаров деген жигит Сокулук районуна логистикалык борбор жана кайра иштетүүчү завод курган. Ал жерде жашылчаларды кабыл алып, кайрадан иштетип, түздөн-түз Россияга жөнөтүп турат. Баардыгы эл аралык стандартка жооп бере турган шартта иштеп атат. Манастыкындай борборлор Кыргызстанда көп болсо жакшы болмок. 

-- Быйыл айыл чарбасына өкмөт тарабынан жетиштүү кам көрүлдүбү? Кандай артыкчылыктар же кемчиликтер болду? Министр Аскарбек Жаныбеков “жаз жарышта” караанын көрсөтпөй кайда жүрдү?..

-- Министр Москвада жүрөт, президент менен кеткен... Кам көргөндө эмне? Былтыр өкмөт айыл чарба тармагына 26 миллиард сом бөлдү, бирок мунун баары өздөштүрүлбөдү. Министрдин айтымында, 20 миллиондой эле өздөштүрүлсө керек. Мындан сырткары, Россия арпа-буудайдын үрөнүн берген. Муну да өкмөт баардык дыйкандарга кредит катары берди. Бул жагынан алганда үрөн боюнча жетиштүү кам көрдү десек жаңылбайбыз. Анткен менен биздин өлкөдө үрөн даярдоо жагынан көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келаткан ири дыйкан чарбалар бар. Ысык-Атада “Таза жан”, “Таза жан-агро”, “Аталык групп” деген. Булардын ар бири 3000 тоннадан үрөн өндүрөт, кепилдиги, сапаты менен жооп берген. Булардын үрөн чарбаларын колдоп, өкмөт мындайлар менен эриш-аркак иштешип, болбоду дегенде Россиядан үрөн апкелерден мурун кеңешип коюшса болмок. Өкмөттүн кемчилиги катары ушуну айтса болот. Себеби, былтыртан бери жергиликтүү үрөн чарбалардын мыкты үрөндөрү сатылбай калды. Эми мен бу жолу бир гана кемчилигин айткансыдым, андайлар четтен чыгат...    


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер