Акыркы кабарлар
» Коом » “Унаа” мамлекеттик ишканасына Алымжан Козубаев келгени абал оңолду
“Унаа” мамлекеттик ишканасына Алымжан Козубаев келгени абал оңолду
24-декабрь, 20:05

Мамкаттоонун карамагындагы “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине Алымжан Козубаев келгени бир топ ийгиликтер орун алууда. Калкты тейлөө үчүн иш убактысынын узарганы, демалыш күндөрү да кызмат көрсөтүү болуп атканы кубанарлык көрүнүш.
Маселен, 24-декабрь күнү 1364 адам кечки саат 19.00гө чейин айдоочулук күбөлүк алышкан. Кызматкерлер түштөнүүгө да барышпай, элди күттүрбөстөн ыкчам иштөө тартибине өтүшкөн. Системадагы мындай алдыга секирик мурда болгон эмес.
Натыйжада, коомчулуктун маанайы “Унаа” мамлекеттик ишканасына өзгөрүп, жетекчиси Алымжан Козубаевди алкагандар, ыраазы болгондор арбыды. Бүгүнкү күндө борбор калаабыздагы эң кубанычтуу көрүнүш ушул болууда.
Aryba.kg