Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Барган сайын күйөөмдүн зомбулугу күчөп бараткандай...
Барган сайын күйөөмдүн зомбулугу күчөп бараткандай...
23-август, 17:40


Жолдошум менен жашаганыма төрт жыл болду, арасында таарынышып, кайра жарашып жашадык. Ушуга чейин жини келсе уруп салчу. Өзүмдү коргоюн десем, ого бетер күчөп сабап, сөйкөм менен бетимди оюп, канап кеткен күндөр да болду. Эми кечээ болбогон нерсе үчүн бетке чаап, сөгүп коркутту. Барган сайын зомбулугу күчөп бараткандай. Эмне кылсам? Балдарымды алып кетип калат окшойм... Жарытып деле сүйлөшпөйбүз, жаңы турмуш курганда бирөө менен кармап алгам, ишеничтен да чыккан. Мага канча айлык алганын да айтпайт...
Элина











