Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Ыманкалиев: “Кыргыз баалуулугун сиңиргенге Айбек Мырзанын салымы чоң”

Замир Ыманкалиев: “Кыргыз баалуулугун сиңиргенге Айбек Мырзанын салымы чоң”

14-ноябрь, 09:00
254 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айбек Мырзаны кандайча тааныйсың? Ушул боюнча кеп салсаң?

-- Кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн өзөгүнөн өрттөнүп, жүрөгүнөн күйүп-жанган инсандар аз, ошолордун бири Айбек Мырза!

Адам баласы үчүн тарбиясы жана адамгерчилиги биринчи орунда турат. Тарбияны алгач ата-энеден, мектептен алсаң, кийин сени коом, чөйрө тарбиялап, чөйрөгө жараша калыптанат эмеспи. Студенттик өмүрдө ар кандай коомго, чөйрөгө туш болосуң. Студент болуп, ар кандай коомдук иштерге катышып жүргөн күндөрдүн биринде досум менен жаңы жыл тоскону жаштар уюштурган кечеге барып калдым. Киргенде эле бир башкача жагымдуу атмосферага туш болдум. Кадимки бир үлгүлүү үй-бүлөнүн балдар-кыздарындай таасир калтырды. Бири-бирине кылган мамиле абдан сыпайы, улуу-кичүүгө болгон урмат, ызаатты көрдүм. Сүйлөшкөн сөздөрү кыргыз баалуулуктары, салт, нарк, тарых, санжыра, тим эле мен суусап, издеп жүргөн коом экен. Жандүйнөм кадимкидей жай алып, ушул чөйрөгө жолукканыма сүйүндүм. Күндө көрүшүп сүйлөшкөн тааныштардай бат эле камыр-жумур болуп аралашып кеттим. Таанышсам ар кимиси ар кайсы окуу жайдан, Кыргызстандын ар кайсы өрөөнүнөн, керек болсо кытайлык кыргыз балдар дагы бар экен. Кантип табышкандарын, ким чогултуп, ким уюштуруп жүргөнүн сурасам, Айбек Бузурманкулов деген жигитти тааныштырышты. Кичипейил, айкөл, токтоо, сабырдуу, сүйлөгөнү абдан салмактуу, олуттуу, баарына көзү жеткен жигит экен. Жаш болуп туруп ушунчалык жогорку сапаттарга жетишкенине бир чети таңгалсам, бир чети суктанып, таасирлендим. Материалдык дүйнөдөн руханий дүйнөнү жогору койгон, адамдык асыл сапаттарды, бийик маданиятты, чыныгы патриоттуулукту, накта кыргыз мүнөздү, аруу, таза чыныгы кыргыз дүйнөнү сездим. Дароо эле мен издеп жүргөн коом экенин айтып, кубанычымды бөлүштүм. 

Ошол күндөн баштап жандүйнөм руханий революцияга туш болду. Ар жуманын шейшемби, жума күндөрү руханий талкуу болот экен, ал жакка барып катыша баштадым. Окууман калсам дагы талкуудан калбаганга аракет кылчумун. Анткени ар бир талкуу баа жеткис билимге барабар эле. Ар бир талкуу өзүнчө теманын тегерегинде болуп, темага жараша улуу инсандар, акын, жазуучулар, мыкты педагогдор, мамлекеттик ишмерлер, кыскасы, улуу жазуучу атабыз Чыңгыз Айтматов баш болгон кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү келип бизге акыл-насаатын айтып, ак батасын берип кетээр эле. Ошол талкууга катышып жүргөн балдар-кыздар кийин турмушта, коомдо өз ордун тапкан, кыргызга кызмат кылган бир катар жаштардын өкүлдөрү болуп чыга келишти. Ошол жаштардын аң-сезимине туура багыт берип, кыргыз дүйнөсүн, кыргыз баалуулугун сиңиргенге Айбек Мырзанын салымы чоң! Кыргызда “жан баккан уулдун миңинен, эл баккан уулдун бири артык” деген улуу сөз бар, Айбек ошол эл багар жигит! Айбекке боштондук берилсин, ал мамлекетке, элге кыпындай зыян келтирбей турган адам.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер