Акыркы кабарлар
» Экономика » Бекмамат Орозов: “Айлык акы жогорулаганы менен инфляциянын өлчөмү да өсүүдө”
Бекмамат Орозов: “Айлык акы жогорулаганы менен инфляциянын өлчөмү да өсүүдө”
14-июнь, 18:38
2 058 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Экономика боюнча экперт менен маек.
-- Статком Кыргызстандагы орточо айлык 35 миң сом болгонун кабарлады. Бул боюнча кандай пикирдесиз? Мындай каражат реалдуубу? Элдин абалы кандай?
-- Кыргыз улуттук статистика комитети 2024-жылга карата Кыргызстандагы орточо айлык акы 35 миң сомду түзгөнүн билдирди. Бул маалымат учурда кайчы пикирлерди жаратууда. Демек, кирешеси арбын жарандар жогоруда көрсөтүлгөн каражатка комфорттуу жашоону элестете албоосу мүмкүн. Анткени, кирешеси көп, чыгашасы да ошончо. Мындай пикирдеги адамдарды борбор калаабыздагы күн өткөргөн жарандардын дээрлик 90%ы түзөт. Бул биздин өлкөбүздүн аймагындагы чоң шаарлардагы абал. Анткени, кыймыл-аракеттин баары акча каражатын талап кылат. Ал эми региондогу жарандардын жашоосун салыштырганда, статкомдун билдирүүсү менен “макул” деген тыянактамын. Өзүңүздөр билгендей, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы жогорулоодо. Бирок статкомдун билдирүүсүнө таянып, “элдин жашоо тиричилиги жогорулады” дегенден алыс болууга чакырат элем. Айлык акынын көлөмү жогорулаган сайын инфляциянын өлчөмү да өсүп, ортодон жогору жашоону эл сезе элек. Андыктан, статком салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр алынгандан кийинки реалдуу айлык акынын суммасын жарыяласа туура болчудай."Азия Ньюс" гезити