Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саясый күчтөр Адахан Мадумаровдун айланасына биригишеби?

Саясый күчтөр Адахан Мадумаровдун айланасына биригишеби?

22-март, 22:45
702 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Негизи бийликке каршы күчтөр кайсы бир деңгээлде иштеп жатышат. Алардын каржылык ресурстары чектелүү болсо да, белгисиз ишенимдерге, тобокелчиликтерге байланышкандай. Анүстүнө кырдаалга да ишенүү мүмкүн эмес. Кыргызстанда окуялар тездикте өнүгүп кетерин канча ирет көрүп келдик. Андыктан “оппозиция алсыз” деп бир беткей бүтүм чыгаруу да эрте окшобойбу... 

25-февралда Азимбек Бекназаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү тараткан. “Камакта кармалышкан “кемпирабадчылар” менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы мындан ары чоң саясатта бирге болот” деп, коомчулук астында каалаган күчтөрдү кошулууга чакырган. Көрсө, андан бир канча күн мурда Бекназаров менен Мадумаров жолугушуп, өткөн катачылыктарды эстешип, карама-каршы жүргөн күндөргө өкүнүшүп, кечиришкен тура. Ооба, көз караштары ар кандай саясатчылар кыйын кезеңде, оор шартта биригишет. Курманбек Бакиевдин режиминде да ушундай болгон. Оппозиция ынтымакка келип, бир муштумга түйүлүшкөн эле. Акыры биримдиктин негизинде жеңишке жетишишкен. А азыр кандай? Ымалага келишкени менен майнап чыгабы? Мезгил, жагдай жана коом башка да. Албетте, талдоо жүргүзгөнгө убакыт бар. 

Эң кызыгы, бизге жеткен маалымат боюнча, Адахан Мадумаров кайсы бир күчтөргө барып, биригүү жасабайт экен. Эгерде “Бүтүн Кыргызстандын” астына келишсе, баш байлашса, ошондо өзү жападан жалгыз лидер болуп, саясый элитанын баштоочусу катары көч улайбы? Айрым лөктөр Адаханга кошулууну ойлошсо, кээ бирлери кылчактап турушканы айтылууда. Негизинен копшолуп калышты. Бекназаров бекер жерден жол баштап койду дейсизби? Азырынча байкоого алышып, саресеп салышууда. Өлкөдөн сырткары жүргөн саясатчылар, таасирдүү байлар да Адахан Мадумаровдун айланасына биригишеби? Тымызын сөздөрдү тыңдаганга аракет кылмакчыбыз. Аз калды...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер