Акыркы кабарлар
» Саясат » Эмнеге Байсаловду түшүнбөй атышат? Себеби, ал өз доорунан 30-40 жыл алдыда...
Эмнеге Байсаловду түшүнбөй атышат? Себеби, ал өз доорунан 30-40 жыл алдыда...
29-май, 18:28
664 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коомдогу талкуу жараткан көрүнүштөргө вице-премьер-министр Эдил Байсалов ар дайым ой-пикирин билдирип, үн кошуп турат. Пост да жазат. Негизи активдүү, билимдүү, таланттуу жетекчи. Эл аралык деңгээлдеги саясатчы. Тилекке каршы, анын айткан сөздөрүнө айрым караңгы катмар түшүнө алышпай, дайыма эле чыргоолоно беришери, жаалап төөбастыга алышары өнөкөткө айланып бараткандай. Ушул кантип жакшы болсун? Эң ириде Эдил Байсаловдун оозунан чыккан сөздөрүнө терең талдоо жасаш керек. Чала-була алаңгазарлар удургубай эле коюшса. Эмнеге коомдун азганакай бөлүгү каарманыбызды аңдабай жатышат? Биз терең талдап, ой жүгүртүп көрдүк. Көрсө, Эдике өз доорунан 30-40 жылга эрте туулуп калганы, айрым билимсиз чөйрө аны түшүнбөй жатышканы ошондон уламбы? Эмесе көп окуйлу, деңгээлди көтөрөлү. Изденели. Ашкере акылдуу инсанды аздектөө үчүн башыбызда “бирдеме” болуш керек. Жөн эле сынтага берүү бул – акылсыздык!
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити