Меңди Мамазаирова, акын, драматург: “Тууга шек келтиргендер жаза алмайынча кыянатчылык токтобойт”

-- Меңди эже, соцтармакта Кыргыз мамлекетинин желегине намаз окуганбы, сажда кылганбы, айтор, спортчунун кызыктай аракети тартылган видео тарады. Бири “маңкурт” десе, экинчиси ага жан тартууда. Желектин үстүнө намаз окуганды кандай дейсиз?
-- Желектин баркын кетирүүгө эч кимдин акысы жок! Ал ар бир мамлекеттин эн белгиси. Керек кезде кызыл тууну душманга алдырбаш үчүн эр жигиттер башын сайган.
Сузактагы чычкак кыз мамлекеттин туусун өрттөдү. Ага кандай жаза болду (мен жыйынтыгын билбей калганым үчүн кечирим сурайм)? Ал кыздын кандай укугу бар эле? Мамлекеттин туусуна шек келтиргендер өз жазасын алмайынча, тууга кыянатчылык кылгандар токтобойт. Жанагы спортсмен чуркап келип, кызыл тууну жаза коюп, намаз окуп баштады. Туура, намаз таза жерде, эч кимдин ыплас буту баспаган, шайтан-шабырлар жок жерде окулары белгилүү.
Ошондой ар кимдин буту баскан жерге тууну төшөй коюп, сажда кылганы намазды өтө аздектеп, баарынан бийик тутканы, бир жагынан исламды кадырлаганы дейли. Экинчи жагынан, Ата мекендин туусун ыплас жерге жайды, аны тебеледи. Үчүнчү жагынан, өзүн намазкөй мусулман катары кимге далилдегиси келди? Маселе ушунда. Эгер чыныгы намазкөй мусулман болсо, аргасы жоктон намаз каза болуп атат. Анын да жолу бар. Олуттуу себептер менен намаз каза болсо кечиримдүү. Аны куптан намаздан кийин окуп койсо болорун молдолордун айтканын угуп жүрөбүз. Эл көзүнчө мактанып, намазкөй көрүнүштүн кажети канча эле? Мындайдан сооп деле таппаса керек. Ар ким Кудайга купуя тайынып, жүрөгүнө катып сүйөт эмеспи.
Кыргыз мамлекетинин туусун көрүнгөнгө пайдалануу, каалагандай мамиле кылганга катуу тыюу салууну жана тууну кордогондорду мыйзам менен жазалоону суранат элем!
"Азия Ньюс" гезити