Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурайым Ысмайыл кызы: "Сапаттуу мугалим – улут келечегине инвестиция болот"

Нурайым Ысмайыл кызы: "Сапаттуу мугалим – улут келечегине инвестиция болот"

18-декабрь, 11:52
1 938 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Нурайым Дубайдагы Америка университетинен педагогика илими боюнча магистрдик даражасынын ээси. Учурда Абу Даби шаарындагы American Community School of Abu Dhabi мектебинде эмгектенет.

-- 2020-жылда билим берүү тармагы аябай эле өзгөчөлөндү окшойт. Анын жетишкендиктери жана кемчиликтери эмнеде болду?

-- Билим берүү тармагы үчүн 2020-жыл жеңил эмес жыл болду деп айтсак болот. Анда мүчүлүштүктөр менен катар жетишкендиктер дагы орун алды. Мен алгач жеке байкоолорума негизделген жетишкендиктерди баса белгилеп айткым келет. Биринчиси, мугалимдер арасындагы тилектештик менен коммуникациянын жанданышы. Тактап айтсак, бири-бирин колдоо, билбегенин ич ара үйрөнүү маданияты байкалды. Семинар, вебинарлар байма-бай уюштурулуп турду. 

Бөлөк жерде иштеген жана жергиликтүү кыргыз мугалимдер арасындагы коммуникация жогорулады. Ой-пикир алмашуу көбөйдү. Чет жерде иштеген агартуучулар кыргызстандык кесиптештерине тажрыйбалары менен бөлүшүп, пандемия учурундагы четте уюштурулуп жаткан билим берүү системасы тууралуу маалымдап турушту. Мындан ары дагы өз ара бири-бирин колдоо демилгеси өнүгөт деген ишеничтемин. 

Экинчиси, мугалимдер өздөрүнүн технологиялык сабаттуулугун жакшыртып алышты деп ойлойм. Бул тармакка керектүү тиркеме, платформаларды, онлайн билим берүү ресурстарын изилдеп, аны колдонуу жагынан алдыга жылышты. Пандемия шартында окутуу мугалимдерге дайым ар тараптуу өнүгүп-өсүп туруу керектигин эскертти. Үчүнчү жетишкендик – агартуучулар аралыктан окутуу эмне экенин иш жүзүндө көрүштү. Бул жаңы тажрыйба болгон үчүн, аны мен жетишкендик деп эсептейм. 

Бул нерсенин баары жогорку деңгээлде, ийгиликтүү өттү деп айта албайм. Бирок, мунун баары келечекке болгон сабак, багыт, терең тажрыйба болуп берет деген ишеничтемин. Анткени, онлайн окутууну келечектин маанилүү бир бөлүгү катары көрөм. Биз өз максатыбызга, каалообузга, дилгирлигибизге жараша алган тажрыйбабызды өстүрүп, аны кирешелүү тармакка айлантсак болот. Эгер багыт туура болсо, аралыктан окутуу деле кадимки окутуудан айырмаланбайт. Эффективдүүлүгү деле ошондой боло алат. 

Ал эми коомдо онлайн окутуу жөнүндө начар пикир жаралып калды. Мунун себеби, тажрыйбанын жетишсиздигинен деп ойлойм. Бирок, бул кемчиликтерди тез эле оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүктөр жетиштүү демекмин. 

-- Кыргызстанда мектептерде окутуунун сапаты түшүп кетти. Аны чечүүнүн бир жолу катары көпчүлүк эне-ата балдарын жеке менчик мектептерде окутуп жатышат. Бирок, аймактарда жеке менчик мектептер жок да. Демек, мамлекеттик мектептердин билим сапатын жогорулатуу керекпи? Дегеле бул маселени чечүүдө жаңы стандарттар барбы?

-- 30 жылдан бери эле билим сапатынын төмөндүгү негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келет. Жакынкы жылдарда деле өтө актуалдуу маселелердин бири болот. Жеке менчик мектептерде окутуу менен эле билим берүүнүн сапатын жогорулатабыз деген туура эмес. Тандоо мүмкүнчүлүгү болсо абдан жакшы. Бирок, кандай мектеп болбосун, мугалимдин билим сапаты жогоруламайын, жалпы билим берүү сапаты көтөрүлбөйт. Мамлекеттик мектептердеги билим сапатын жакшыртууда мугалимдерди даярдоо сапатына көңүл буруп, программаларга заманбап өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Ал эми мугалимдер окуучуларга жүрөгү менен болгон билимин берүүсүн камсыздоо үчүн алардын социалдык муктаждыктарын толук чечүү зарыл. Качан гана мугалимдин айлык акысы көтөрүлгөндө, бул кесиптин аброю артат. Анын артынан билимдүү, жөндөмдүү, таланттуу жаштар бул кесипке келе баштайт. Коомдун, жалпы улуттун сапаты мугалимдин сапатынан көз каранды. Сапаттуу мугалим – улут келечегинин мыкты инвестициясы болуп саналат. 

-- Мугалимдердин жалпы көйгөйүн чечип, алардын көңүлүн балдарга татыктуу билим бердирүүгө кантип бурса болот? Эки тарапты салыштырып өтсөңүз?

-- Мен иштеген өлкөнүн мектеби менен салыштырсак, анда мугалим социалдык жактан толук камсыздалган. Алардын эмгеги жогору бааланат. Эмгек кодексинин негизинде мугалим үй менен камсыздалат. Акысыз же болбосо арзандатылган медициналык тейлөө көрсөтүлөт. Кайсы мектеп болбосун, мугалимдин баласы бекер окуйт. 

-- Жаңы дайындалган министр өзгөчөлөнбөгөн мектеп директерлорун иштен алуу керектигин айтты. Сиз өз өлкөңүздүн бир мектебинде директор болсоңуз, кандай өзгөчөлүктөрдү киргизмексиз?

-- Биринчи кезекте мугалимдерге мамлекет тарабынан түзүлгөн программанын негизинде кесиптик эркиндик бермекмин. Тилекке каршы, Кыргызстанда план текшерүү, коркутуулар абдан көп. Мугалимдер жогорудан келген талаптарды аткаруу менен алек. Ошентип алар өздөрүнүн агартуучук потенциалын ачып, чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүнчүлүк ала албай калышат. Экинчиден, аларга колдоо көрсөтүүнү жогорулатмакмын. Финансылык жактан колдой албасам дагы, моралдык жактан дайым колдоого алмакмын. Директор менен мугалимдин ортосундагы байланышты жандантмак элем. Чечим кабыл алууда мугалимдердин ой-пикирин эсепке алмакмын. Ошондой эле коомчулуктун мугалимге карата пикирин өзгөртүү жаатында да иштемекмин. Ата-энелерди мектеп менен тыгыз байланышка тартып, билим берүүгө кызыкдар болууга үндөмөк элем. Ар бир адам өз кесибинен бактылуулукту тапкысы келет. Ошондуктан, анын иштеген жериндеги эмоционалдык абалдын жагымдуу болушу өтө маанилүү экенин баса белгилегим келет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер