Оор дарттан жалгыз жалбырак айыктырды


Көптөн бери ооруп төшөктө жаткан кичинекей кыз эжесинен сурады:
-- Эжеке, бул дарактын түшө элек дагы канча жалбырагы калды?
Сиңдисинин эмнени ойлогонун жүрөк тереңинен сезген эжеси көзүнө тегеренген жашын ага көрсөтпөөгө аракет кылып, тескери бурулду:
-- Алтыным, аны эмнеге сурап жатасың?
-- Мунун акыркы жалбырагы түшкөн күнү менин да күнүм бүтөт... - деди кыз муңайым. Эжесинин жүзү нурдана түштү:
-- Анда жакшы экен, ага чейин экөөбүз көп бактылуу күндөрдү жашайбыз, - деди синдисине жылмая карап.
Күндөр өтүп жатты... Күн өткөн сайын жалбырактар азая берди... Кыз акыркы жалгыз жалбыракты көрдү. Бул анын үмүтү, соңку күнү эле... Бирок жалбырак бул күнү түшпөдү, эртеси да... Күз артынан кыш келди. Эже-сиңдинин бактылуу жашоосу улана берди.
Айлар сызып, кыз айыгып, төшөктөн турду. Эч кимге, эч нерсеге көңүл бурбай, түз эле даракка басып барып, андагы жалгыз жалбыракка кол созду да, кадимки эле колго жасалган жалбырактын бутакка байланып турганын көрдү...
Ооба, бул жашоодо жалгыз гана үмүт өлбөйт.
Белгисиз автор
"Азия Ньюс" гезити











