Акыркы кабарлар
21:02
» Жанирмем » Күйөөмө “башка бирөөнү таап ал” десемби?
Күйөөмө “башка бирөөнү таап ал” десемби?
27-апрель, 04:22

Мен күйөөмө “башка бирөөнү таап ал” деп айтсамбы? Ушинтип ойлонуп жатам. Себеби, аябай көп басынтат, сыйлабайт. Ага такыр эле менин оюм, сезимимдин кызыгы жок. Баскан турганымдын баарын карап, мени кемсинтип, “сен ушундайсың, сен тигиндейсин” дегени жаныма батат. Азыр ага өзүм эле эмес, дем алганым да жакпай жатат. Балдар үчүн деп жашагыным менен күндө ыйлайм, ачуулуу да болуп калгам. Учурда кош бойлуумун. Ошого деле карабай сөгөт ашатып. Жакшы жагы – эч нерседен кем эмес жашайбыз, баары бар. Бирок азыр көзүмө эч нерсе көрүнбөй деле калды. “Башканы жактырсаң ошону менен жаша, мен сени кармабайм, бизден кабар алып турсаң болду” деп айтайын деп жатам... Ошол кыздар, кийин өкүнүп калбаймынбы (?) деп да ойлонуп атам...
Айдай
"Азия Ньюс" гезити