Нурдан Орунтаев коррупцияга байланыштуу суралабы?
Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин жасаган жумушуна күч органдары кызыга баштаптыр. Коррупцияга байланыштуу фактылар изилденеби? Кеп кетти. Маселен, башында курулуш компаниялардын лицензияларын жокко чыгарып, айрымдарын кайра берип, чаң-будуңун чыгарып, көмүскөдөн билгенин жасаган кербезиби? Мындай көз будамайлоолор акчасыз бүтпөйт эмеспи, туурабы? Жогортон команда болсо, бул жагынан териштирүүгө кызыккан орган кызматкерлери шымаланып калышкандай... Нурдан Орунтаев таасирдүү бала баатыр “крышасына” таянып алып, “жармасын чала берсе”, акыры сурактан кача албайт го? “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Бекер жерден шектенүүлөр жаралбаса керек.
"Азия Ньюс" гезити