Футбол аянтчасын эмес, оорукана курсак элдин сообуна калат элек

Өзгөчө карапайым элдин камын ойлогон мамлекеттик саясат жүрүш керек эле. Мисалы, көрүнгөн жерге футбол аянтчаларын куруудан мурда Бишкек шаарына жана муктаждык жаралган аймактарга ооруканалар салынышы керек болчу. Тилекке каршы, андай кубанычтуу саамалыктарды көрө албадык. Туш келди жерлерге футбол аянтчалары курулуп, алысты көрө билбеген абалда калганыбыз ушулбу? Акча төлөп ойногон бизнеске айланса... Ал эми Бишкек шаарында мамлекеттик бейтапканаларда кезекке туруу күч алган. Ансыз да кыйналган жарандарыбыздын заманасы куурулуп калганын кантебиз? Кайсы гана ооруканага барба, орун жок, шарттары ойдогудай эмес, эптеп эле күн өткөрүшкөнү баамдалат. Элдин саламаттыгы начарласа, кам көрүлбөсө, мамлекеттүүлүктүн маңызы болобу? Ушул жагын ойлобогон жетекчилердин жоктугу, кайдыгерликтин өкүм сүргөнү өкүнүчтүү. Кыскасы, баягы эле карайлаган, кыйналган элдин үнү Кудайга жетүүдө...
"Азия Ньюс" гезити