Турсунбек Акун: “Түркмөнстан болбош үчүн бийликти көзгө сая сындап туралы”
“Консолидация жана диалог” кыймылынын төрагасы Турсунбек мырза учурдагы саясый кырдаал боюнча ой калчап, “ооруну өлүм ашкерелейт” деген көрүнүшкө жеткирбей, алдын ала коңгуроо кагып турган кербези.
-- Турсунбек мырза, сиздин жана командаңыздын аракети, демилгеси менен акыркы убакта бир нече иш-чара өткөрдүңүздөр. 1-июнда өтчү иш-чаранын максаты кандай жана ага кимдер катышат?
-- Биз буга чейин беш иш-чара өткөрдүк. Анын үчөө тегерек үстөл болсо, бири форум, бири чоң жыйын болду. Баардык иш-чарада адам укугу, демократия жана сөз эркиндигинин азыркы абалы жөнүндө маселе көтөрүлдү. Анткени, өзүңөр билесиңер, 23-октябрда массалык түрдө бир топ адам бийлик тарабынан кармалган. Кыргызстанда адам укугу, демократия, сөз эркиндигинин абалы былтыртан баштап начарлап кеткенин белгилеп, камакта жаткан адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүн чакырып, тегерек үстөлдөрдү өткөрүп келдик. 30-мартта “Убакыт келди” деген улуттук форум өткөрүп, 27-апрелде улуттук жыйын курдук.
30 жылдан бери үч жолу революция болду. Бийликтегилер оппозицияны камайт, оппозиция бийликти кетүүгө аргасыз кылып, кармашып эле келе жатабыз. Мына ушундай жагдайларды эске алып, “мурунку окуялардан сабак алалы, туура эмес багытта баратсак оңдойлу, мурдагылар кетирген катачылыкка жол бербейли. Кармашуу, каршылашуу, тирешүүнү токтотолу. Конфронтация эч качан жакшылыкка алып келбейт” деп Кыргызстандын келечегине түйшөлгөн саясат талдоочулар, активисттер, адам укугу боюнча адистер биригип, “Кыргызстанга диалог керек. Биз консолидацияга чакыралы” деп КДК деген кыймыл түздүк. Ошондон бери эл аралык деңгээлдеги маселелерди талкуулап, жыйын өткөрүп, жалпы улутубузду, президентти диалогго чакырып жатабыз. “Кыргызстандагы саясый күчтөрдүн башын бириктирели, кыргыз улутун жоготуп албайлы, мамлекеттин эртеңине баарыбыз кам көрөлү” деген максатта талкуу уюштурабыз. Себеби, азыр дүйнө жүзү боюнча геосаясый абал өзгөрүп, буркан-шаркан түшүп жатат. Тагыраагы, бир багыттуу дүйнө жоголуп, көп багыттуу дүйнө пайда болду. Мурда дүйнөнүн басымдуу бөлүгүн коллективдүү Батыш башкарса, азыр Россия, Кытай чыкты. Африка мамлекеттери да өздөрүнүн ордун издей баштады. Америка менен Европанын гегемониясы акырындап кете баштады. Же болбосо доллардан баш тарткан мамлекеттер чыгып, доллардын куну кетип жатат. “Дүйнөдө мына ушундай өзгөрүүлөр болгондо Кыргызстан кимдер менен биригиши керек? Ортодо арабөк калбайбызбы?” деп 1-июнда жыйын уюштуруп жатабыз. Бул жыйынга Кыргызстандын эгемендүүлүгүнөн бери келе жаткан саясатчыларды, белгилүү коомдук ишмерлерди жана саясат талдоочулар, граждандык коомдун өкүлдөрүн, массалык маалымат каражаттарын жана бийлик өкүлдөрүн чакырып жатабыз. Себеби, 30 жылдан бери бийлик оппозицияны, оппозиция бийликти айыптап эле келатат. Кыргызстандын келечеги үчүн тиреш эмес, тил табышуу керек. Тагыраагы, монолог эмес, диалог керек.
-- Сиздер уюштурган иш-чарага бийликтин өкүлдөрү катышып жатабы?
-- Биз “маселени көчөдө кыйкырып айтпай, ушундай жыйындарда чечели. Мамлекетибиздин келечеги үчүн тирешти токтотуп, эми диалог кылганга аракет кылалы. Бийлик менен элдин ортосунда көпүрө бололу” деп ар бир иш-чарабызга президенттин аппаратына, министрлер кабинетине ИИМге, башкы прокуратурага, сотко, коопсуздук кеңешине чакыруу жөнөтөбүз. Тилекке каршы, көп учурда күч органдары менен соттун өкүлдөрү катышып, президенттик аппараттан келбей калышчу..
27-апрелде өткөн улуттук жыйынга коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана президенттин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашов, президенттин аппаратынан Капалбаев эки өкүлү менен катышты. Бийлик өкүлдөрүнөн келген 5 адамга суроолор берилип, президенттин, министрлер кабинетинин дарегине сындар айтылып, түрдүү сунуштар берилди. Бийлик тараптан келген өкүлдөр баардык суроолорго жооп берип, 27-апрелден баштап диалог өзүнүн жаңы формасын ала баштады. Буюрса, 1-июндагы иш-чарабыз андан кызыктуу, андан да активдүү, андан дагы маанилүү болот деп ойлойм. Бул сапар Жогорку Кеңештин төрагасы же анын депутаттары да келеби деген үмүттөбүз. Буга чейин Жогорку Кеңештен эч ким келе элек. Алар биздин жыйындарга жакшы маани бербей келгени өкүнтөт.
-- Аныгында, сиздер чогулушта кандай чечимдерди кабыл алууну максат кылып жатасыздар?
-- Бул жыйын абдан масштабдуу маселелерди камтыйт. Дүйнөдө болуп жаткан глобалдык өзгөрүүлөрдүн Кыргызстандын саясатына жана экономикасына тийгизген таасири деген темада баяндама жасалганы жатат. Аны мага тапшырышты. Геосаясый окуяларды анализдеп, “Кыргызстан кандай жыйынтык чыгарышы керек жана кайсы системаны тандап, ким менен болушубуз зарыл?” деген темага токтолобуз. “Эл аралык деңгээлдеги өнүгүү саясатыбыз кандай болот? Бийлик эмнеге көңүл бурушу керек?” деген суроолор боюнча баяндамалар жасалып, талкуу болот. Ошол талкууда көтөрүлгөн темалардын алкагында чечимдерди кабыл алабыз. Ошондой эле “адам укугун коргогон өлкөгө кайтып келели. “Кыргызстан – Орто Азиядагы демократиянын аралчасы” деген атыбызды жоготуп албайлы. Бийлик көп жаңылыштыктарды кетире электе кээ бир катачылыктарын көзгө сайып көрсөтүп, туура жолго түшүшүнө жардам берели. Себеби, камоону адат кылган жол жакшылыкка алып барбайт” деп чечим кабыл алалы деп турабыз.
Биз көп жылдан бери “демократиялык мамлекет, укуктук коом куралы, адам укугун урматтаган өлкө бололу” деп жаштыгыбызды арнадык. Тилекке каршы, бир адам башкарган жолго түшүп, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстандай болуп баратабыз. Бийликтин мындай аракети бизди аябай түйшөлтө баштады. Анткени, “Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө” деген атты сактап калышыбыз керек.
Кемпир-Абад маселеси боюнча камалган 27 адамдын 7-8и гана үй түрмөгө чыгып, 15-16сы 7 айдан ашык убакыттан бери камалып жатат. Алар ооруп, кыйналышууда. Булардын тагдыры боюнча да сөз кылып, бийликке катуу талаптарды коёлу деп турабыз. Кайда барбайлы, баардык жерде алардын үй камагына чыгышын талап кылып жатышат. Ошон үчүн бул маселеге да токтолобуз. Андан тышкары конгресстин атынан координациялык кеңеш түзүп, ушул жылдын 25-октябрында диалог жана консолидацияга чакырган улуттук курултай өткөргөнү жатабыз. Буга чейин өткөрүлгөн курултайлар өйдө жактан демилгеленип, президент тарабынан өткөрүлсө, биз уюштурган курултай карапайым эл тарабынан уюштурулган, диалогго жана консолидацияга чакырган курултай болот.
Айгерим Мырзабекова
"Азия Ньюс" гезити