Исмаил Исаков: “Камчыбек Ташиев тажик тарапка юридикалык жактан бышыкталган сөз айтты”


-- Исмаил ага, “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” дейт эмеспи. Кыргыз-тажик алакасы тууралуу кеп кылсак дегем...
-- Албетте, Тажикстан менен алакабыз мындан ары жакшы жагына өнүгүшүн баарыбыз каалайбыз, тилейбиз жана бийлик дагы ошол багытта иш-аракеттерди алып баруулары зарыл. Кылымдар бою бирге жашаган коңшубуз менен дооматы жок делимитация жана демаркация маселелерин эки өлкөнүн парламенттери ратификациялап, мыйзамдаштырылган эл аралык келишимдердин негизинде чечип, ата-бабалардын жолун улап, конфликтке жол бербей, бири-бирибизге колдоо көрсөтүү менен сый-урмат, аяр мамиле кылып, ынтымакта, достукта жашашыбыз керек. Андан башка жолубуз жок.
-- Буга эмне, же тактап айтканда кайсы тарап тоскоол болуп аткансыйт?
-- Тилекке каршы, тажик тарап 1992-жылдан 1997-жылга чейин жарандык согуштун кара булуту каптап, өтө оор абалда турган учурда тарыхта унутулгус, кыргыз элинин берген жардамдарын (экономикалык, аскердик, Афганистан менен болгон чек арасын жети жыл кайтаруу жана тынчтыкты орнотуу багытта оппозициясы менен сүйлөштүрүү ж.б.) унутушуп, эки жолу жарандардын өлүмү менен коштолгон конфликттин чыгышына жол беришип, сүйлөшүү процесстерин созушуп, негизсиз, укуктук жактан бышыкталбаган дооматтарды коюп келе жатышат. Анысы аз келгенсип, Камчыбек Ташиевдин айткан сөзү боюнча биздин элчини чакырышып, дагы бир конфликттин чыгышына багытталган билдирүүлөрдү жасаганы, маалымат майданында аны күчөткөнү өтө өкүнүчтүү жана кооптуу. Алардын мындай аракеттерине биздин бийлик маани берип, анын артында эмне турарын иликтеп, анализдеши зарыл.
-- Эми чек ара маселесин чечүү боюнча эмне дейт элеңиз?
-- Сүйлөшүү процессинин жол картасын аныктап, тактап, макулдашып (укуктук жактан бекемделген документтердин алкагында), анан иш алып баруу керек болчу. Бийлик өкүлдөрүнө жолдорун айтып, көрсөтүп бергенге карабай бүгүнкү акыбалга дуушар болуп отурабыз. Чек араны чатаксыз чечүүгө бардык шарттар, мүмкүнчүлүктөр жана эки өлкөнүн парламенттери ратификациялаган эл аралык келишимдер бар.
Биринчиси, эки өлкө ынтымакта, достукта, биримдикте 70 жылдан ашык бир мамлекетте жашап, тынчтыкты каалаган коңшу элбиз. Коңшулар менен чыр-чатаксыз, сый-урмат менен жашоо баарыбыздын милдетибиз.
Экинчиси, 1991-жылы 8-декабрда “КМШны түзүү” боюнча келишими түзүлүп, анын алкагында Алматы (21.12.1991-ж), Минск (14.02.1992-ж), Москва (15.04.1994-ж) декларациялары кабыл алынып, анда союздук республикалардын ошол учурда ээлеген аймактарынын чек аралары таанылып, аны бузбоо боюнча тажик тараптан кепилдик берилип, укуктук жактан чек ара маселесине чекит коюлган.
Үчүнчүсү, тажиктер менен 1996-жылы 12-июлда Душанбе шаарында эки тараптуу келишим кабыл алынып, анда дагы ошол учурдагы чек аралар таанылып, аны бузбоого көп тараптуу келишимдердин кепилдиктерин бекемдеп беришкен.
Жогоруда айтылган эл аралык келишимдердин жана декларациялардын биринде дагы алардын Ворух анклавы болобу, же башка жерлер боюнчабы, дооматтары айтылган, жазылган да эмес, тескерисинче, Ворухтун анклав экендигине макул болушуп, таанышып, келишим менен декларацияларды ратификациядан өткөрүшүп, мыйзамдаштырышып, ага бизден ошондогу президент Аскар Акаев, алардан биринчи президенти Рахмон Набиев жана азыркы президенти Эмомали Рахмон мырза кол койгон. Ошондуктан, сүйлөшүү процесси укуктук жактан чекит коюлуп, кол коюлган келишимдердин негизинде чыр-чатаксыз ишке ашырылышы керек.
-- Кашайып, сиз айтып аткандай болбой атпайбы. Тажикстан тарап дале мулжуңдап аткансыйт...
-- Эгерде тажик тарап мындан ары дагы жогорудагы келишимдерде алган милдеттеринен баш тартып, сүйлөшүү процесстерин созуу менен кандайдыр бир жеке кызыкчылыктарга жетүү максатта мыйзамдаштырылбаган документтерге таянышып, негизсиз дооматтарды коюшса, анда алар өз өлкөсүнүн жалпы аянтынын 31,6 пайызын түзгөн Мургаб жана Жерге-Тал (азыр Лакш деп аталган) райондорун өз ыктыярлары менен бизге өткөрүп берүүлөрү абзел. Болбосо, анда бизге дагы моралдык жана укуктук жактан жерлерибизди кайтарып берүү боюнча талапты койгонго негиздүү жол ачылат. Себеби, 1925-жылы 2-январда биздин ошондогу бийликтин каршылыгына карабай, СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун №39 протоколунун негизинде, Кара-Кыргыз автономдук облусунун эсебинен Мургаб району берилип (протокол менен гана) ага Ванч, Ишкашим, Шугнан райондорун кошуп өзгөчө (особый) Памир автоном облусун түзүшкөн. Андан башка биздин Жерге-Талды кошуп, Тажикстандын аймагынын аянтын жана элинин санын көбөйтүп, Тажик автономдук Советтик Социалистик Республикасын түзүшкөн. Эң маанилүү, мурда анча маани берилбеген дагы бир жагдай: Кыргызстандын далилдүү документтеринин негизинде 1927-жылы 3-майда Исфаранын айланасындагы жерлер жана Сох Кыргызстандын карамагына өткөрүлүп берилген болчу. Бирок, Өзбекстан бийлигинин каршылыгынан чыккан талашты ырбатбоо максатта эртеси, 4-майда союздун борбордук аткаруу бийлиги бизге өткөн жерлер боюнча чечимди жокко чыгарып, бул маселеге кайрылбоого үч жылга мораторий жарыялап, маселени ачык бойдон калтырышат. Азыр Исфаранын тегерегиндеги биздин жерлердин архивдик документтерин алып чыксак, Мургаб менен Жерге-Талга алар дагы кошулат.
Биздин бийлик союз тарагандагы келишимдердеги милдеттерин так аткарып, протокол менен тажиктерге берилген жана так чечилбей ачык бойдон калган жерлерибиз боюнча дооматтарды койбой, ушул күнгө чейин келген. Ошого байланыштуу Камчыбек Ташиевдин тажик тарапка дооматтарынан баш тартуусу боюнча айткандары юридикалык жактан бышыкталган, эл аралык келишимдердин негизинде айтылган абдан туура сөз болду. Аны кыргыз коому жана кыргыз эли баарыбыз биргелешип колдоого алышыбыз керек. Ошону менен бирге дүйнөдөгү жана региондогу болуп жаткан тенденцияларды, кээ бир тышкы күчтөрдүн “аракеттерин” жана тажик тараптын эл аралык келишимдердеги милдеттерин аткарууну каалабай, негизсиз дооматтарды койгондорун эске алып, кечээ эле башыбыздан өткөргөн эки конфликттеги кетирген каталарыбыз кайталанбаш үчүн баардык тараптан даярдыктарды көрүп, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө багытталган иш-чараларды мындан ары улантуу менен алдыңкы өнүккөн мамлекеттерде эффектүүлүгүн көрсөтө алган системага куралдуу күчтөрдү өткөрүп, улуттун коопсуздугун ишенимдүү камсыз кылуунун үстүнөн биздин бийлик комплекстүү түрдө иштөөлөрү зарыл.











