Акыркы кабарлар
22:58
22:29
» Коом » Коронавирус менен жабыркаган бейтап көз жарды
Коронавирус менен жабыркаган бейтап көз жарды
10-апрель, 16:15

Казакстандын Кызылордо шаарынын дарыгерлери коронавирус менен жабыркаган бейтаптын төрөтүн кабыл алышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
"Кош бойлуу аял төрөт үйүнө сасык тумоонун белгилери менен келген. Анын дене табы 38, градустан түшпөй койгон. Ал атайын анализ тапшырып, коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон", - деп жазылат маалыматта.
Мындан улам бейтап өзүнчө даярдалган палатада көз жарган. Дарыгерлер вирусту жуктуруп албоо үчүн коопсуздуктун бүт эрежелерин сакташкан. Жарык дүйнөгө салмагы 2 килограмм 900 грамм болгон эркек бала келген. Азыркы тапта эне баланын абалы жакшы. Ымыркайдан тиешелүү анализдер алынып, анын жыйынтыгы күтүлүүдө экени белгиленген.