Үй-бүлөмө бүлүк салган кудача кызды кантем?
Күйөөм экөөбүз жашаганыбызга 13 жыл болду. Ортобузда бир уул, бир кызыбыз бар. Сырттан карагандарга бактылуу үй-бүлөбүз. Үй-жайыбыз бар. Жакшы жерлерде иштейбиз. Ал жагы баары ойдогудай. Жыл санап жашообуз улам оңолуп, улам унаа алмаштырып, кымбат кийинип, каалаган коногубузду чакырып, бактылуудай жашап келебиз. Бирок, он үч жылдан бери биздин уруш-талашыбыз – кудача кыз. Биз баш кошо электе күйөөм кудача кызын жактырып жүрүп, сезимин билдиргенче ал кыз башкага турмушка чыгып кетиптир.
Ичип келсе баягы кудача кыз жөнүндө сөз башталат. “Ага эч ким жетпейт, сулуу, мүнөзү да сонун кыз болчу. Сен анын тырмагына да тең келбейсиң. Акыры ага жолугам. Сүйүүмдү билдирем” деп айтып баштайт. Андан кийин 10-15 күндөп сүйлөшпөйбүз. Ал кудача кызы эчак бала-чакалуу болуп, бир топ жылдан бери чет жакта бактылуу жашап келет. Бирок күйөөм мени басмырлаганы кейитет. Аны кантип унуттурам?
Айзада
"Азия Ньюс" гезити