Айдай Турсунбекова пандемия маалындагы шалаакылыкты иликтеп чыкты

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова өкмөткө пандемия маалында шалаакылык менен кайдыгер мамиле кылган жетекчилерди жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу Айдай Турсунбекова Facebook баракчасына жазып чыкты.
“Өлкөнүн пандемияга даярдануу абалын иликтөө боюнча комиссиядагы ишим аяктап баратат. Эртең комиссия иштин жыйынтыгын премьер-министрдин милдетин аткаруучу А.Е.Новиковго көрсөтөт. Комиссиянын ишинин жүрүшүндө биз билгендердин бардыгы эске алынат жана алар боюнча өлкөбүздүн жай мезгилинде башынан өткөргөн окуялар кайталанбашы үчүн натыйжалуу чаралар көрүлөт деп ишенем. Бир нерсени так айта алам: биздин саламаттык сактоо системасы толугу менен жаңыланууга муктаж. Чириген система гана эмес, бир топ жылдан бери жетекчилик кызматтарда иштеп, эч нерсе кылбай, жөн гана бир кызматты экинчи орунга алмаштырган адамдар. Уурдалган гуманитардык жардам, туура эмес таратылган акчалар, кээ бир жетекчилер бизнес жүргүзүп, кээ бирлери белгилүү бир компаниялардын же адамдардын кызыкчылыктарын көздөшкөн. Мен буга чейин биздин медицинанын көйгөйүнүн негизги себеби каржылоонун начардыгы деп ойлосом, эми бул кээ бир жетекчилердин алысты көрө билбегендиги, кесипкөйлүгүнүн жоктугу деп түшүндүм. Бирок, эң негизгиси, өз ишин билбеген чиновниктердин жетекчи кызматтарда отургандыгы болуп саналат” деп жазды ал.