Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Төрөкулова: “Эмилбек Абдыкадыров шаарга мэр болуп келгени балээнин баары башталды”

Чынара Төрөкулова: “Эмилбек Абдыкадыров шаарга мэр болуп келгени балээнин баары башталды”

28-май, 12:00
1 390 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чынара айым, угушубузга караганда, шаар мэри гезит-журналдарды саткан киоскилерди алып атыптыр, себебин айтсаңыз?

-- Ооба, биздин ордо калаадагы гезит-журналдарды саткан киоскилерди шаар башчысынын указы, приказы менен “алгыла” деп атат. Мэриянын кызматкерлери күн сайын келип, ыгы жок тынчыбызды алууда. Эчтекени карашпай эле “биз кызматкербиз, жогору жактын айткандарын аткарышыбыз керек” дешүүдө.

-- А эмнеге алгыла деп атат?

-- “Шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн” деп атышат. Болуптур, алып салалы, анда президенттин жүргүзүп аткан туура саясатын, коомдо болуп аткан алгылыктуу жаңылыктарды биздин көп жылдык улуу муундагы кардарлар, окурмандар маалыматты кайдан алышат? Алар жаштарга окшоп интернет чукулаганды билбесе. Азыр соцтармактарды ушак, жалган кабарлар каптап кеткенин эске алалы. Бул жөнүндө шаар мэри ойлондубу? 

-- Эстетика демекчи, бу жагы кандай?

-- Шаар боюнча бир типтеги киоскилер болот имиш. Алардын баасы 300 миң сом экен. Андай акча мага окшогон сатуучулардын үч уктасак түшүбүзгө кирбейт. Эптеп күнүнө 300-400 сом тапсак “шүгүр” дейбиз. Үйдөгү балдардын нан-чайына чоюп жеткиребиз.  

-- Киоскилерди качан алып баштады?

-- Жаңы мэр Эмилбек Абдыкадыров келгени балээнин баары башталды. Булар аябай куулук кылып, күнүнө 1-2 киоскини алып атат. “Күр” эттирип бир күндө же эки-үч саат аралыгында мажбурлашса, анда баардык сатуучулар митинг кылып ийсе эмне болуп кетеринен чочулап аткан окшойт. Ансыз деле киоскилерин алдырып ийген сатуучулардын саны күн сайын көбөйүүдө. Бу жолу шаар мэрине цивилдүү түрдө кайрылып, “бизге жаңы жумушчу орун таап берсин, болбосо президент Садыр Жапаровго кайрылабыз” деп атабыз.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер