Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Евгения СТРОКОВА, ЖК депутаты: “Депутаттар бейөкмөт уюмдардан жол кире сурап, аларга көз каранды болуп калууда”

Евгения СТРОКОВА, ЖК депутаты: “Депутаттар бейөкмөт уюмдардан жол кире сурап, аларга көз каранды болуп калууда”

06-декабрь, 13:58
366 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Евгения Григорьевна, бейөкмөт уюмдар боюнча айткан пикириңизди угуп калдым. Эмне үчүн аларды кыскартыш керек дейсиз?

-- Мен бейөкмөт уюмдарга каршы деле эмесмин. Элдин жыргалчылыгы үчүн иштеп, мамлекеттин колу, мүмкүнчүлүгү жетпеген жумуштарды жасап жаткан уюмдарды колдойм. Мисалы, кары-картаңдарга, турмуштук ар кандай көйгөйлөргө тушуккан балдарга жардам берген, өз ролун мамлекеттик түзүмдөргө караганда жакшыраак аткарган бейөкмөт уюмдар бар. Бирок, ошол эле учурда образдуу кылып айтканда, “сейрек кездешүүчү коңуздардын укугун коргойбуз” деп мандат алып алган, саясатка аралашып кеткен уюмдар да жок эмес. Анан алар алмага түшкөн курт сыяктуу чоочун идеологияны, чоочун адеп-ахлакты таратуу менен мамлекетке зыян келтиришет. Алар парламент аркылуу кандайдыр бир мыйзамдарды түрткөн учурлар да бар. Мен ушундай уюмдарга каршымын. Кээ бирөөлөр “Жогорку Кеңешти кармоого аябай көп чыгым кетет, депутаттардын санын кыскартыш керек” деп айтып атышпайбы? Мындай сунуштар дал ошол бейөкмөт уюмдар тарабынан айтылууда. Парламент ансыз деле алсырап бүттү. Айталы, региондорду кыдырыш керек болсо, “жол киребизди төлөп бергилечи” деп бейөкмөт уюмдарга жалдырап барабыз. Бул деген туура эмес да! Депутаттар аларга милдеттүү болуп калабыз. Анан алар, албетте, Жогорку Кеңеш аркылуу өз кызыкчлыктарын ишке ашыруулары мүмкүн. 

-- Алардан жол кире сураган учурлар көп деле болбосо керек?

-- Көп эле. Дагы бир жолу кайталап койгум келет, мен “бейөкмөт уюмдардын баары эле жаман” дегенден алысмын. Мисалы, миграция боюнча эл аралык уюм бар. Алардын Бишкектеги офиси аябай жакшы иштерди жасап жатат. Ошондуктан, инвентаризация жүргүзүп, кайсы бейөкмөт уюм ким тарабынан каржыланганын, кандай иштерди жасап жатканын, кылган иши алган мандатына ылайык келер-келбесин иликтеп, биздин Кыргызстанга реалдуу пайда келтиргендерин гана калтырыш керек. 

-- Кечээ жакында эле сүрөт музейинде өткөрүлгөн көргөзмөнү сиз чагымчылдык катары мүнөздөдүңүз. 

-- Ооба, мен ал көргөзмөнү провокация катары эсептейм. Бизди дайыма жаш балдарды муюткан сыяктуу “Кыргызстан аябай демократиялык өлкө” деп муютуп айтышат. Бирок, демократия экономикалык өнүгүү, мыкты билим берүү менен коштолууга тийиш. Ансыз демократия жөн гана анархия болуп калат. Бизди атайылап ошого түртүп жатышат. Ал эми музейдеги көргөзмөгө келсек, Ленин айткандай, ар кандай керемет нерсени да булгап койсо болот. Музейде да ошондой болду. Мен көргөзмөгө каршы эмесмин, бирок кечирип коюңуздар, аялдардын дырдай жылаңач жүргөнү биздин өлкө үчүн гана эмес, ар кандай өлкө үчүн деле осол көрүнүш. “Шермендечилик” деп айтар элем. Алар ушундай резонанс болорун билишкен. Бирок, коомдун эки бөлүгүн бири-бири менен кагылыштырыш үчүн атайылап жасашты. Шайлоонун алдында коомду будуң-чаң түшүрүп, туруксуздукту пайда кылышмакчы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер