Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Россия мигранттарга кысымдарды туура эмес кылууда. Алар тарыхты унутуп калыштыбы?”

“Россия мигранттарга кысымдарды туура эмес кылууда. Алар тарыхты унутуп калыштыбы?”

05-май, 23:51
518 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Россияда миграциялык чараларды катаалдатуунун мөөнөтү күзгө чейин узарып, натыйжада, мекендештерибиздин Кыргызстанга кайтуусу быйыл да көбөйөбү? Алдыда кандай кыйынчылыктар күтүлүшү мүмкүн?..

Нурзат Токтосунова, Бишкек шаардык кеңештин депутаты:

-- Негизинен Россия Азия өлкөлөрүнүн ичинен кыргыз жарандарына ылым карагандары байкалат. Анткени, биздин жаштарды кайсы гана жагынан албайлы: тил билүүсү, жумушту тыңыраак жасаганы боюнча да башкалардан артыкчылык жактары менен айырмаланып турат эмеспи. Бирок Россия өздөрү бир нече операцияларды жасап, аны менен катар мыйзамдарын күчтөнтүүнүн аркасында мигранттарга таасирин тийгизүүдө. Мындан ары тартип, эрежелери жумшарбайт, катуулай берсе керек. Андыктан, Россияда иштеп жүргөн биздин мигранттардын өз жергесине кайтып келүүлөрү көбөйөт. Мындай учурда өлкө ичиндеги жумуш орундарды көбөйтүү жана камсыз кылуу мамлекеттин даярдык иши катары баалап, биз дагы жардамдарыбызды аябашыбыз керек. Эми “көч бара-бара түзөлөт”, баардык нерсе өз ордуна келет го. Мамлекетибиз өнүгүп өссө, жумушчу орундар түзүлсө деген тилегим бар. 

Асыкбек Оморов, коомдук ишмер:

-- Россия мамлекетинин мигранттарга болгон кысымдарын туура эмес деп баалайм. Алар тарыхты унутуп калыштыбы? Быйыл 80 жылдыгы белгилене турган Улуу Ата мекендик согуштун жеңишин 15 союздук мамлекеттин күчү менен албады беле, же андай эмеспи? Баарын айтып отурбайын, 28 панфиловчулар Гитлердин “Барбаросс” планын ишке ашырбай, ташын талкан кылып, Москва шаарын немистерге алдырбай, жадагалса бир кадам киргизбей, өз жандары менен коргогон кыргыздар да! Волоколамск аймагында кан төгүлгөн чечүүчү согушка кыргыз менен казак жоокерлери гана туруштук берип, 8 кыргыз, анын ичинде Дүйшөнкул Шопоковдун эрдигин унутуп калыштыбы?! Анан биздин мигранттарга болгон туура эмес мамилени мен түркөйлүк катары баалап отурам. Албетте, ушундай кысым улана бересе, кыргыздар “кечтим байдын кызынан” деп, өз мекендерине кайтып келүүгө мажбур болушат. Башка чара жок.

Клара Ажибекова, коомдук ишмер:

-- Биз эмес Россиянын бийлик структураларында да мигранттар боюнча ойлору эки анжы болуп калды. Мигранттарга болушкан министри же депутаты болобу, айтор, көпчүлүккө жаман көрүнүп жатышат. Анын олуттуу себептери бар. Биринчиден, чындыгында бул маселе эбак эле көзөмөлдөн чыгып кеткен. Россияда деле коррупционерлер чачтан көп. Мигранттардын айлык акылары ачык болбой, көп учурда жабык түрдө алышчу. Салык маселеси бар эле, аз төлөнчү. 

Мигранттардын жанагы ислам экстремисттердин колуна түшүп калган жагдайы, “Крокус ситидеги” окуялардан улам Россия чочуп калды. 

Согуш бүтмөйүнчө Россияда кырдаал мигрантарга жеңилдебейт. Ошон үчүн биздин мамлекет дагы түшүндүрүү иштерин катуу жүргүзүүсү кажет. Балдарыбызга иштей турган жумуш орундарды түзүш үчүн завод, фабрикаларды салып, айлык акыны жогору кылуу абзел. Акылбек Жапаровго окшоп Европа менен АКШга жибербей, өз мекенибизге алып калсак болот.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер