Генерал Мурат Боронов Чүй ОИИБ начальнигине дайындалса, ишенимди актайбы?

Аз убакытта эле баары билинип калды. Сыры ачылды... Чүй ОИИБ начальниги Дамирбек Исаковдун ишмердиги начар экени, байма-бай кызматкерлери камакка алынып атканы белгилүү. Өздүк курамды башкара албаганын кантебиз? Мындай шартта эмнеге Д.Исаковду эркелетип отурабыз? Буга Сары Өзөндөгү милициянын жетекчилери да нааразы болуп атышыптыр. Ушундай адашкан кадр ИИМди артка тартып атат да... Асыресе, өз милдетин аткара албай аткан соң, мунун ордуна Баткен ОИИБ начальниги Мурат Боронов которулуп келсе, ишенимди актайт беле? Облустук жетекчилердин деңгээлинде ротациянын жемиши анчалык байкалбай аткан чакта, ийгилик ачкычын ачып көрбөйлүбү? Генерал Мурат Боронов бир канча райондордо, шаар, облустарда кызматтарды ойдогудай аркалап келген, тажрыйбалуу, дасыккан кадр. Өзгөчө Баткен облусундагы кыйчалыш мезгилдерде, согуш апаатында тайманбай милдетин аткарып, кесипкөйлүгүн, мекенге берилгендигин көрсөткөн. Эгерде каарманыбыз Чүй ОИИБ начальниги катары дайындалып калса, ишенимди актап, татыктуу кызмат көрсөтөт беле? Ооба, “түсү ийгиден түңүлбө” деген кеп бар. Мурат Боронов кандай гана кызматты аркалабасын, ал баш-оту менен киришип, үй бетин көрбөй эмгектенери белгилүү. Мамлекетчил генералга жогорку жетекчилик тарабынан колдоо гана керек. Анын “көлдүк авалары” жок...
"Азия Ньюс" гезити