Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» Таласта: «Жѳлѳк пул алчулардын саны кѳбѳйөт»

«Биримдик» Таласта: «Жѳлѳк пул алчулардын саны кѳбѳйөт»

14-сентябрь, 18:09
546 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуулары уланууда. Бүгүн, 14-сентябрда күндүн экинчи жарымында Талас шаарында болуп ѳттү. Жолугушууга партиянын тѳрагасынын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров, талапкерлер Акылбек Жамангулов, Аида Касымалиева, Талас Бегалиев, Анарбек Кушубеков, Нуржан Мүсүралиева, Саткыналы Сакебеков, Бактыбек Чойбеков, Нурадил Токтосунов катышты. 

Алгачкы сѳздү Тѳрѳбай Зулпукаров алып, партиянын курамына эл үчүн канын, жанын бере турган инсандар чогулганын белгилеп ѳттү. Ошону менен катар партиянын идеологиясы болгон «Евразиялык тандоо» багытына токтолду. «Убагында Чыңгыз Тѳрѳкулович бизге Евразиялык биримдик керектигин, биз Евразиялык мейкиндикте ѳнүгѳ аларыбызды айтып кеткен. Демократиялык социализм – бул СССРге кайтуу эмес. Бул жеке адамдардын эркиндигин камсыз кылуу менен ар бир жарандын социалдык теңдигине жетишүү. Жарандар үчүн билим берүү, саламаттык сактоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Элибиз ишеним артып, добуштарын берише турган болсо, биз программада камтылгандарды ишке ашырабыз!» деди. Мындан сырткары, партиянын тѳрагасынын орун басары ѳлкѳбүздүн баардык жерин бирдей сүйүп, бѳлүнбѳѳгѳ, биримдиктүү болууга, добуштарды сатпоого чакырып ѳттү. «Мен ишенем, силер 4-октбярда жүрѳгүңѳр менен татыктуу инсандарды, «Биримдик» партиясын шайлап аласыздар» деп жыйынтыктады сѳзүн. 

Экинчи болуп сѳздү парттизмени баштаган Акылбек Жамангулов алды. Жаш талапкерлердин бири социалисттик мезгилде эл үчүн кѳптѳгѳн жакшы иштер кылынганын белгилеп, «Биримдик» демократиялык социализмди идеология, программалык багыт кылып алганына токтолду. Ошондой эле партиянын тѳрага орун басары Тѳрѳбай Зулпукаровдун депутат катары ишмердиги жѳнүндѳ сѳз кылып, мыйзам долбоорун демилгелѳѳ менен казинолордун ишин токтотууда чоң эмгек кылганын айтты. «Сиздердин добушуңуздар ѳлкѳбүздүн алдыдагы 20 жылдык тагдырын чечет. Ошон үчүн кайдыгер карабай, атуулдук, мекенчилдик позицияңыздарды кѳрсѳтүп, элибиздин, ѳлкѳнүн келечеги үчүн «Биримдик» партиясына добуш бериңиздер! Биримдик жана ынтымак менен баарын жеңебиз!» деди. 

Партиянын башка талапкери Аида Касымалиева партиянын социалдык маселелерди чечүү жаатындагы аткарчу иштерине токтолуп, партия ар бир жарандын социалдык теңдигин камсыз кылууга басым жасай турганын баса белгиледи. «Алдыбызда бул багытта зор пландарыбыз бар. Жѳлѳк пул алчулардын санын кѳбѳйтүү керек. Кантип, эмненин эсебинен кѳбѳйтѳрүбүздү программага так жаздык. Силердин колдооңуздар менен Жогорку Кеңешке барсак, социалдык кѳйгѳйлѳрдү чечүүнү ишке ашырабыз. «Биримдик» партиясын колдосоңуздар, биз силердин ишеничиңерди актайбыз!» деди. 

«Биримдик» партиясынын дагы бир депутаттыкка талапкери Талас Бегалиев партиянын курамында тажрыйбалуу инсандар менен жаш, прогрессивдүүлѳр чогулганын билдирди. «Биздин алдыда аткарчу иштерибиз кѳп. Ар бир ишибиз элдин жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Депутат катары коррупция менен күрѳшүүгѳ бел байлап жатам. «Биримдик» партиясын колдоңуздар!» деп таластыктарга кайрылды. 

Соңунда Таластын аксакалы «Биримдик» партиясына, талапкерлерге батасын берип, шайлоодо жеңиш каалады. Андан кийин жолугушуу жыйынтыкталганын билдирип, «Биримдик» партиясынын гимни жаңырды. 

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер