Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Уулумду миллион сом коротуп үйлөндүрсөм, ажырашып кетти. Карызга баттым…
Уулумду миллион сом коротуп үйлөндүрсөм, ажырашып кетти. Карызга баттым…
02-октябрь, 20:03


Жакында уулумду үйлөндүрсөм, кайра бир айга жетпей келиним менен ажырашып кетти. Тойго миллион сомго жакын акча кетти эле, карызга да батып калдым. Эми машинамды сатып кутулам. Мындай тагдырды угуп жүрсөм да, өз башыма келерин билбептирмин. Андыктан, уул-кыздардын ынтымагына, түшүнүгүнө көңүл буруш керек экен. Эң биринчиден, жакшы тарбия берип, чыдамкайлыкты үйрөтүү парз. Азыркы жаштар болбогон эле майда нерселерден урушуп, эки бөлүнүп кете беришет тура. Бул кайгы жүрөгүмдү эзип турат. Намыстанып, кайра үйлөндүрүш керек го?..
Максат
"Азия Ньюс" гезити











